Айсулуу Тыныбекова Париж олимпиадасына катышат
Токиодогу жайкы олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда сүйлөп жатып, Фанцияда өтө турган кийинки олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди.
“Күмүш медалымды мамлекетибиздин эгемендигинин отуз жылдыгына арнайм. Буюрса ден соолук болсо, келе жаткан Париждеги олимпиада оюндарына катышам” деди Айсулуу Тыныбекова.
Ал 7-августта маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, кийинки олимпиада оюндарына катышары али белгисиз экенин билдирген эле.
23-сентябрда президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн XXXII олимпиада оюндарында медаль алган спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
Токиодогу жайкы олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, “Toyota RAV4” автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана “Toyota RAV4” үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага III даражадагы “Манас” ордени жана 7 млн. сом, “Toyota RAV4” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.