Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райымбек Матраимовго улам бир нерсени чаптагандан пайда жок...

Райымбек Матраимовго улам бир нерсени чаптагандан пайда жок...

20-апрель, 07:14
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кызык эле күндөрдө жашап жатабыз. Өткөн айда Азербайжандан келген кылмышка шектүүлөрдү катуу жарнама кылышып, Райымбек Матраимовго байланыштырып салышкан. “Өлкө жетекчилигине кол салып, өч алганы жатышат” деп дүңгүрөтүшүп. Жыйынтыгында, эч нерсе далилденбей, “сакалчандарды” Азербайжан өлкөсүнө өткөзүүгө мажбур болушту. Эгерде алар чындап Садыр Жапаровду өлтүргөнү келишсе, тергөө иштери татаалдашмак, Кыргызстандын мыйзамдары алдында аёосуз жазаларын алышмак. Туурабы? Айтор, көп нерсе түшүнүксүз таризде өнүгүүдө. Кармалган “киллер, адам өлтүргүчтөрдү” жылуу-жумшак өз өлкөсүнө өткөрүп беришкени талкуу жаратты. Акыры ушундай болорун билгенбиз. Кандай гана иш болбосун, кичине акыл калчап, андан соң пиар кылышса не? Ток этерине келсек, Райымбек Матраимовго улам бир нерсени чаптай беришип, элди таңгалдыра албай калдык. Коомчулуктун көзү ачылган, ак-караны ажыратууга, чын менен жалганды туура талдоого маш. Каныгышкан. Андыктан, көпчүлүккө күлкү болбой эле реалдуу жашоо кечирбейлиби?..
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер