Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эми Эр-Сыргакты кармап келүүгө Октябрь Урмамбетовду жөнөтүү керекпи?

Эми Эр-Сыргакты кармап келүүгө Октябрь Урмамбетовду жөнөтүү керекпи?

22-сентябрь, 17:45
58 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Өткөндө Эр-Сыргак эфирден айтпадыбы, Кыргызстандан барган опер топ кубалап, кармай албай койгонун... Кызыгы, ошол курамдын башында ИИМ орун басары Нурбек Такабаевичтин турганы айтылды. 

     Негизи мындай операцияга генерал Октябрь Урмамбетовду жөнөтсө туура. Жарыктык киши бакырып-өкүрүп, “бөрк ал десе баш алмай” адатына салып, тапшырманы ашыра аткарып салары бышык. Өзү жапалдашынан келип, элге аралашып-сиңишип, билинбей гана жортмокчу. Камбоджага барабы, кайсы жерде чапкылабасын, кытай, корейлерге деле окшошуп кете берет. Көздөгөнүн жердин түбүнөн болсо да сууруп чыгабы?

     Кыскасы, кийинки жолу Эр-Сыргакты кармап келүүгө дал ушул Октябрь Урмамбетовду жөнөтүшпөйбү? Сонун вариант! Колго түшүрүп калса, элестете бергиле, сый акыга Октябрь мырза генерал-лейтенант чинин тагынып атканын... Жаркылдатып. Кыялдануу зыян эмес да... Анан жууйбуз, алагүү болуп...


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер