Шайлоого чыкканга Мырзакматовдун духу жетпейт! Жолу да жабык...


Күлкүнү келтирет да. Мелис Мырзакматов эригип жатып, Эрнис Кыязга маек бериптир. Бу эргул жасалмалуу мүнөздөн качан арылат ыя? Өзүн ушунча жогору сезет, бирок ал жерде эле бүжүрөп жүрөт. Укмуштуудай болгусу келет, фантастиканы ойлоно албаса да, көзгө көрүнүүгө жандалдастайт тура. Президенттик шайлоого чыгар-чыкпасы жакында белгилүү болорун табышмактатып айтып, баа-баркын көтөрүп аткандагысы кызык бекен? Эми так кесе эле айталы. Биринчиден, Мырзакматов шайлоого чыгып, президент Жапаровго атаандаш болууга духу жетпейт! Экинчиден, ал соңку 15 жыл аралыгында Кыргызстанда толук кандуу жашаган эмес, Түркияда 6 жылдай качып-бозуп жүргөн. (Бул норманы билбей калганы кызык). Үчүнчүдөн, мыйзамсыз байыганы боюнча чуулгандарын кантебиз? Кыскасы, жолу жабык.











