Акыркы кабарлар
» Саясат » Шайлоого чыгабы же кайсы бир талапкерди сүрөйбү? Жусупбек да оңой жигит эмес...
Шайлоого чыгабы же кайсы бир талапкерди сүрөйбү? Жусупбек да оңой жигит эмес...
02-октябрь, 18:45


Саясатчылар жана бизнесмендер, экс-чиновниктер чекесинен актанышып, президенттик шайлоого катышуудан баш тартып жатышат. Алардын баарын атабай эле коёлу, “коён жүрөк” болуп калышканын Бабанов баштап берип, башкалары да активдүү улантышууда.
Мындай шартта Жусупбек Коргонбай уулу ой-пикирин билдире элек. Шайлоого чыгабы же кайсы бир талапкерди сүрөйбү? Албетте, Жусупбек да оңой жигит эмес, дүңгүрөтө элдин добушун алып, саясатта ат ойноткон азаматтардын бири. Эмесе, алдыдагы аламанга карай эмне дейт болду экен? Акаларындай кошомат кылбай эле эркекче үн катса керек...











