Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийликти мактоо жагынан Феликс Кулов менен Алик Орозов жарыша баштады
Бийликти мактоо жагынан Феликс Кулов менен Алик Орозов жарыша баштады
01-апрель, 19:05

Улуу муундагы саясый элитадан буга чейин Феликс Кулов бийликтин колдоочусуна айланып, мактай-жактай пост жазып, сүрөп, кошомат кылса, бери жактан биз уялып кетчүбүз. “Нарктуу, жакшы карыса болмок экен” деп бир эсе жылмаясың. Кызыгы, сексенге таяп калган Феликс Кулов эми оңолмок беле? “Орошон” ойлорун оозанып, оштук туугандар айтмакчы, пахтасын жумшактап коё берсин. Ошентип, “Темир генералдын” карыгандагы “фокустарына” таңгалып жүрсөк, жакында Алик Орозов аттуу КГБшник бийлик төбөлдөрүнө арзуусун аябай, айга-күнгө теңегендей ашыгыптыр. Бул киши деле жетимиштен ашып, сексенге кадам салган абышка. Анан эле үйдө тынч жата алышпай чыга калышып, коомго “акыркы окторун атышкандай” элес калтырышса, эртеңки күндү ойлоп, ыңгайсыз абалда калат экенсиң. Келечегибиз кантет? Негизи аттуу-баштуу аксакалдарыбыз, интеллигенция бийликке сунушун, реалдуу сын-пикирин билдирип турса, өнүгүүгө жол чабабыз. Тескерисинче, кошомат кылгандар мактай беришип, жардан ары учурушат эмеспи. Артка кылчайып көргүлө, тарых далайын тастыктап берет. Албетте, ой жүгүрткөн адамдарга... "Азия Ньюс" гезити











