Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талаш жараткан Шаки...

Талаш жараткан Шаки...

21-сентябрь, 23:14
543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көпчүлүк Шаршенбек Абдыкеримовдон билдирүү же кандайдыр бир үн катуусун күткөн. Эмнегедир унчуккан жок. Ушунча байлыгын алдырып аткан соң, баш көтөрбөгөнү кандай? Кара жанын калкалап, чет жерде жүргөнү да табышмак жаратууда. Мандем жокпу? Шүк отурат. Же убагы келгенде алдырган мүлктөрүн сот аркылуу кайрып алууну көздөгөн кербезиби? Түшүнүксүз. 

Аз күн мурда Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдон ашык бааланган мүлкү мамлекетке өткөнү маалымдалды. Бул боюнча коомчулукка ийне-жибине чейин чечмеленип деле берилген жок. Сыягы, салыкка байланыштуу кылмыш иштери козголуп, кандайдыр бир талаптар коюлганбы? Шаки болсо эбак эле өлкөдөн чыгып кеткен. Ири бизнеси талкаланып, миңдеген жумушчулары талаада калганы өкүнүчтүү. Көп тармактуу өндүрүш империясын курган ишкердин эбегейсиз эмгеги акыл-эстүү адамдарды ойлондуруп келет. Бийлик менен кандай жагдайларда келише албай калганы, эмне себептен мунасага жетпегени бизге белгисиз. Андыктан так кесе бир жактуу бүтүм чыгарууга эрте. А жалпы маанайды алсак, көпчүлүк катмар Шаршенбек Абдыкеримовго боору ооруп жатканы жашыруун эмес. Мындай көрүнүштөн соң инвестициялык климат кантет? Кедергиси тийбейби? Ансыз да инвесторлордун келбей атканы боюнча өкмөттө сөз болуп, кыйчалыш кырдаал каңкууланган. Бул багытта Өзбекстан, Казакстан алдыга озгонун айтпасак да түшүнүктүү. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” демекчи, ишкерлерге карата жылуу атмосфера түзүлөрүнөн үмүт кыла туралы. 

Ал эми Шаршенбек Абдыкеримовдун азырынча Кыргызстанга келбеси белгилүү. Чет жерде ден соолугун чыңдап, бизнесин улантып атканы айтылып келет. Аны миңдеген тарапташтары, жумушчулары эстешери айкын. “Элди баккан Шаки” деген кеп коомчулукта сакталып калганы бекер жерден эмес го? Ошол эле кезде аны табалагандар да арбын. “Ушундай тагдырга өзү күнөөлүү, таза бизнес кылбайбы” дегендер да жок эмес. Айтор, коомчулукта талаш жаратууда...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер