Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

14-август, 12:01
1 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова 12-августта 83 жашында бөйрөгү ооруп каза болду. Акын эже коронавирус менен ооруп дарыланган. Ооруканадан чыкканына төрт гана күн болгон. Жаман илдет дагы бир рухий тирөөчүбүздү алып кетти. Акын эже менен бир нече ирет жолугуп, асыл кептерин угуп, маек курган элек. Төмөндө бирин сунуштайлы. Акындын элеси, асыл сапаттары ар убак жүрөгүбүздө сакталат.


Сыр маек 

Гүлсайра Момунова, Кыргыз эл акыны:

Билбеймин дайым бөксө менин дүйнөм,

Кайсалап жан жагымдан бирөөнү издейм...”

«Кыял чабыты», «Саябан», «Жылаажын», «Тереңдеги берметтер», « Ак марал», «Табаар белем» жана башка жыйырмага чукул ыр жыйнактардын автору,   Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова эже азыр дагы ыр жолунда, поэзия көлүнө чумкуп, улам жаңы ырларды жазып, жаңы жыйнактарды чыгарып келет.  

-- Чыгармачылыктын башталышы да бир кызыктуу учур болот эмеспи. Балалыгыңыз кандай өттү?

-- Бала кезди эскерсем, элестесем биздин үй-бүлө чыгармачылыкка берилген үй-бүлө экен. Атам дагы, апам дагы кошокчу-жамакчы адамдар эле. Атам каза болгондо бир жыл боздоп-сыздап кошок кошкон. Ар бир кошогу ар башкача эле. Үйдө толтура ыр жазылган көп барактуу дептерлер болор эле. Эмне китеп жарыкка чыкса, биздин үйдө ошонун баары китеп текчеде турчу. Көрсө, согушка кетип, кайтпай калган эки агамдын бири акын болсо, бири сүрөтчү экен. Ал учурда китептердин баары латын тилинде жарыкка чыкчу. Мен кичинекеймин. Менден улуу 5-6-класста окуп калган эжем ал китептерди кыраатын келтирип окучу. Айылдагы абышка-кемпирлердин баары чогулуп алып тээ түн бир оокумга чейин эжеме китеп окутуп, кээде ыйлашаар эле. Эжемдин китеп окуганына кызыгып, мен да эртерээк китеп окууга ашыктым. Үйдөгү китептерди окуп бүтүп, китепканадан китеп алып окучумун. Чыракты бүлбүлдөтүп жагып коюп, энемдин “укта деп урушканына карабай, түн бир оокумга чейин китеп окуур элем.

-- Ошол күндөр түшүңүзгө киреби?

-- “Качан карабайлы, чоң жолдун боюндагы кичинекей үйүңөрдөн чырактын жарыгы өчпөйт деп элдер айтып калчу. Азыр да  ошол кичинекей үйдөгү бүлбүлдөгөн чырак түшүмө кирет. Түшүмдө энемди, айылымды, анан ошол бүлбүлдөгөн жалгыз чыракты издеп барам. 6-7-класстарымда Таластагы мектеп-интернатка жатып окуп калдым. 1955-жылдар эле. Бир күнү түнкү саат он экилерде жер титиреди. Жер титирегенден кийин кайра жатып уктай албай койдум. Кулайын деген үйдө жалгыз калган энемди үй басып калдыбы деген коркунучтуу ой ээлеп, түн бир оокумда он километрдей алыс калган Кең-Арал айылын көздөй чуркадым. Чуркап баратам..үйдү көздөй, бүлбүлдөгөн чыракты көздөй, жалгыз калган энемди көздөй чуркап баратам. Жетсем үй кулабаптыр. Терезеден шыкааласам энем уктап жатат. Акырын барып кучагына жыгылдым. Энем чочуп кетти. Сизди там басып калдыбы деп коркуп келдим десем, энем мен болсо сенин жанымда жогуңа сүйүндүм. Үй куласа да жалгыз мени басып калмак. Сен аман калмаксың дейт. 

-- Жаш кезиңизде мөлтүрөгөн сулуу кыз экенсиз. Далай ашыктык каттарын алгандырсыз?

-- Сен сүйбөйүн десең дагы сени бирөөлөр сүйүп калат экен. Эч нерсе оюмда жок бала кезде, 6-классымда бир баладан кат алдым. Артисттер келди деп баарыбыз чогулуп турсак, бир бала жөөлөп келип, кучактап туруп, чөнтөгүмө бир нерсе салып кетти. Үйгө барып окусам классташымдын сүйөм деген каты экен. Аябай уялдым. Айрыкча апамдан жашырып катты катып жүрдүм. Ал бала абдан шок, бейбаш бала эле. Каттын жообун күткөнсүп шоктугун деле таштап ойлуу болуп кетти. Кайда бассам жолумдан тосуп, үйүмдү тегеренип жүрсө, мен да кызыктай абалда калдым. Жооп бербесем да ойлонуп, бир жакшы сезимдер болду. Студент кезде да ошондой каттарды алып, жолугушууга барган учурлар болду. Бирок жолдорубуз кайчыланып, бөлүнүп кетти. Сезимдер ошол бойдон жүрөктө калды. 

Кайдасың ажарланган айлуу түнүм,

Кайдасың жылаажындай жаштык үнүм.

Сен мынча таттуу белең, баалуу белең

Жаралып кайра экинчи келбес үчүн. 


Кайдасың шаңкылдаган шаттуу кездер,

Кайдасың жан терметкен барктуу сөздөр.

Карашы сырга толо жанып турган

Кайдасың жаркын үмүт оттуу көздөр. 


А көрсө көз жок экен сенден сулуу,

Дүйнөдө сөз жок экен сенден сырлуу.

Денени ток жүргөндөй чымыраткан

Жүрөккө от жок экен сенден жылуу.


Азыр мен ал көзүңдү табаар белем,

Анда сен абалкыңдай жанаар белең.

Болбосо өзгөрүлүп ал көз караш

Кайдыгер таанымаксан караар белең.

Жүрөктө калган сүйүүлөргө арналган мындай ырлар көп жазылды. Сүйүү ырларын жазыш үчүн жүрөктө бир нерсе болуш керек. Чындап жанган бир нерсе болуш керек. Ошондо шумдуктуудай ырлар жаралат. 

Алгачкылар арман болуп калды. Кийин өзүң сүйбөсөң да өзүңдү сүйгөн бирөө, сени чындап сүйүп турганын сезсең аёо сезим ойгонот экен. 

-- Студенттик күндөрүңүз кайсы акындар менен бирге өттү?

-- Кыз-келиндер институтунда ыр жазган бир топ кыздар бар элек. Субайдылда Абдыкадырова, Майрамкан Абылкасымова, Сонунбү Закирова жана башкалар улуттук унивеситеттин акын-жазуучу балдары Эрнис Турсунов, Камбараалы Бобулов, Жалил Садыков, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков  менен бир ийрим уюштуруп, концерт койчубуз. Ошолордун баары кийин залкарлар болду. Бексултан Жакиев экөөбүз кыз-жигиттин айтышын айтып, «Сен ал кезде тентек элең, жийделерди терчү элең» десем, Бексултан «Сен ал кезде көйрөң элең, кызыл-тазыл кийчү элең» деп экөөбүз көшөгөнүн артынан шаңкылдап ырдап чыкчубуз. Жаңы ырларды окуп, талкуулачубуз. Ошентип студеттик күндөр дуулдап жүрүп өттү. Улам жаңы чыгармаларды күтүп окуп, алып-учуп башкача кабыл алчубуз. Институтту бүтөр менен алгачкы кыз журналисттерден болуп иштеп калдым. Гезиттер журналисттерге суусап турган учур болчу

-- Азыр да жаш кездегидей ырлар жазылып жатабы? Жүрөгүңүз букка толобу?

-- Адамды, айрыкча акынды асыл сезимдер коштоп жүрбөсө, жакшы чыгармалар жаралбайт. «Бирөөнү издейм» деген бул ырым жакында эле жазылган. Кыскартып окуп берейин:

Билбеймин дайым бөксө менин дүйнөм,

Кайсалап жан жагымдан бирөөнү издейм.

Кусанын күүсүн черткен ырларыма,

Курчутуп кайрак болоор бүлөөнү издейм.


Буй болуп өзүмө-өзүм тынчтык бербей,

Билбеймин бул дүйнөдө кимимди издейм.

Жүргөнсүйм төгүлө албай, жарыла албай,

Жарпымды жаза турган пиримди издейм.


Кайдасың ырларымдын каарманы,

Өмүрдө жетпей калган өзүңдү издейм.

Барсыңбы кыялымдын самаганы,

Жүрөктөн жарып чыккан сөзүңдү издейм.


Турмуштун ташкынында агып барам,

Карайлап карманаарга караан издейм.

Карааның карай берип карып барам,

Берилип мени сүйгөн адамды издейм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер