Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыздар акчанын айынан өзүнүн органдарын сатышкан

Кыргыздар акчанын айынан өзүнүн органдарын сатышкан

21-ноябрь, 12:00
2 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын Шымкент шаарындагы № 1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай укук коргоо органдары тарабынан кармалды.   

Ал Өзбекстан, Кыргызстан жана Украинадан келген жарандардын органдарын трансплантация кылуу максатында сатып алып, аны Израилге жөнөтүп турган.

Мындай хирургиялык операциялар 2017-2018-жылдары болгон. Дарыгердин айтымында сырттан  келген жарандар өз каалоосу менен органын саткан, бирок алардын аты-жөнү айтылган жок. 

Өзбекстан, Кыргызстан, Украинанын жарандары материалдык жетишсиздиктен улам өздөрүнун соо органдарын, көпчүлүгү бөйрөктөрүн саткан. Бул органдарды кайра Израилдин трансплантацияга муктаж жарандары сатып алып турган. 

Казак дарыгеринин бул иш аракеттери мыйзамга каршы келгендиктен аны уюшкан кылмыштуулук топтун катарына кошту.

Дарыгердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер