Мадумаров менен Суваналиев шайлоодо кимди сүрөйт? Албетте, Масалиевди!


Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоодо Исхак Масалиевди сүрөп чыгышарын эшиттик. Азыркы кезде биригүү, ынтымакка келүү менен таасир жаратышса, ошондо калың элден колдоо табышабы? Ооба, дагы да саясый күчтөрдүн кошулуусу күтүлүп жатса керек. Оппозициянын күчтүү талапкери катары жакында даңазага алынса, жандагандар жарашып турушса, элестете бергиле...
“Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтайын” демекчи, Масалиев өзү таза фигура болсо, анын үзөңгүлөштөрү Мадумаров менен Суваналиев да булганбаган, беттегенинен кайра тартпаган лидерлер. Мындай көрсөткүч өтө маанилүү, асыресе көпчүлүк катмар дагы өзгөчө көңүл бурат эмеспи. Бийликти жактырбагандар, сындагандар, дээрлик протесттик электорат Масалиев тарапка ооп кетеби? Эмесе, саресеп сала туралы.











