Бул көйгөйдү мага кайрылган ар бир үчүнчү адам айтат

Ачка жүрүп арыктай албай койгондор көп. Себеби, маселе табитте эмес, организмдин ичиндеги тоскоол факторлордо.
Изилдөөлөр эмнени көрсөтөт?
1. Стресс – денени “сактап калууга” мажбурлайт.
Тартиптүү жашооңо карабай, салмак кетпей жатса, балким, организм “жашоо үчүн коркунуч” режиминде. Кортизол – стресс гормону тынчсызданганда, дене майды, өзгөчө курсакта топтоп баштайт.
Yale университети: кортизолу жогору аялдарда ички май көбүрөөк болгону аныкталган.
2. Уйкунун жетишсиздиги – күчөгөн аппетит. Алты сааттан аз уктаган адамдын денеси тамак-ашты көбүрөөк талап кылат. Себеби, “тойдум” деген сигнал иштебей калат.
Чикаго университети: уйкусу кем адамдар майлуу, таттуу тамакты көбүрөөк жегиси келерин далилдеген.
3. Витамин менен минерал жетишсиз болсо, дене арыктагысы келбейт. Мисалы, магний, темир же D витамини жетишпесе: чарчоо, баш ооруу, табиттин бузулушу, зат алмашуунун жайлашы пайда болот. Nutrients (2019): D витаминин толуктаганда салмак азайганы байкалган.
4. Инсулинге болгон сезимталдыктын төмөндөшү (инсулинорезистенттүүлүк)
Сен туура жеп жатасың, бирок денең майды күйгүзө албай калат. Бул абал жөн гана анализ менен билинет – HOMA-IR.
5. “Катуу” арыктоо ыкмалары тескери натыйжа берет. Ачкачылык, тынымсыз спорт менен организмди кыйнасаң, метаболизм жайлап, салмак кайра кайтып келет.
АКШдагы атайын база (NWCR): ийгиликтүү арыктаган адамдар жай темп менен, адаттарын өзгөртүү аркылуу жыйынтыкка жетишкен.
Муну өзүңдөн сурап көр:
-- диета кармап жатсам да, салмагым токтоп калдыбы?
-- таттууга же токтолбой жегим келген нерселерге тартылып жатамбы?
-- эртеби-кечпи чарчап, энергиям аз болобу?
-- бетке безетки чыгып, чачым түшүп, цикл бузулдубу?
Эгер “ооба” болсо, маселе тамакта эмес, денеңдин абалында. Алгач аны түшүнүү керек.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити