Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Ооз ачкандын баарын камай берүү орунсуз саясат”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Ооз ачкандын баарын камай берүү орунсуз саясат”

12-февраль, 09:00
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, кийинки кездери көп көрүнбөй, баштагыдай бийликти сындаган курч ой-пикирлерди да айтпай, көздөн далдаа кеткендейсиң. Карылык желкелеп келдиби?..

-- Өткөндө бир инибиз соцтармакта “адам карыганда көп ызы-чууга аралашпай, жылуу төрдө жумшак эт жеп тынч жатыш керек” деп жазыптыр. Ошо туура. Көпчүлүк эл “карыганда калжактабай жакшы жүрбөйбү” деген ойдо. Анүстүнө убакыт өзүнүкүн алат, ал-күч, муундар бошоңдойт, баштагыдай алкына да албайсың, экинчиден, жарашпайт, коомго өөн учурайт, тартынасың.

Силер туура эле баамдапсыңар, пайгамбар жашынан өткөндөн кийин жайлап, басаңдап калганым чын. Бирок, “эмне болсоң ошо бол, Аксуунун башы жошо бол” деген жерим жок. Жамбаштап жатып алып, жай сөз, жулкунбаган формада туураасын туура, туура эмесин сынга алып, өз оюмду тынымсыз эле айтып атам. Керек болсо, мени деле бийлик жактырып турган жери жок. Алгы сөздү кабыл албай теригип, “мен кыйынмын, өзүм билем, камап салам” деп чамынган туура эмес. Бул азыркы бийликтин негизги каталыктарынын бири.

-- Жетимишке жакындап калган Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев сындуу аксакалдарыбыз камакта жатышса да бийликке каршылык көрсөтүп, күрөшүп жатышат го?

-- Эми эл ичинен чыга берет. Эл болгондон кийин ошондой энергиясы ашып-ташыган адамдар аз болсо да болот экен. “Кандектин карыганы билинбейт” дегендей” Турсунбек Акун сыяктуу тынчыбагандар деле бар. Болбосо Тукең деле пайгамбар жашынан өткөнү качан? Менден бир эле жаш кичүү.

Азыркы оппозиция “Кемпир-Абад жана башка кыргыздын жерлери Өзбекстанга өтүп кетти, сатылды, уттурдук” деп бийликти айыптап, түрмөдө жатышат. Жапырт камалгандардын көбүнчө кемпир-кесек, катын-калач, кыз-кыркындары “бүттү оозубузду жабабыз, чек ара тууралуу үндөбөйбүз” деп тил кат берип бошонуп чыгышып, тынчып калышты. Негизи ар дайым эле ушундай. Оппозиция кайсы бир талуу теманы бетке кармап, ошонун тегерегинде элди көтөрүп, бийликке келүүнү көздөйт. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай. Үзөңгү-Кууш, Каркыра кетип атканда да ошентип ызы-чуу болуп, ачкачылык жарыялап, “жумуртка жеп” жүрдүк, арты ал бийликти кууп тындык. Бирок “чапкан сайын көз чыкпайт” дегендей, оппозициянын азыркы аракеттери мурдагыдай эффект берген жери жок. 

-- Эми бул тиреш кандай аяктайт, эмне менен бүтөт?

-- Арты кандай болорун бир Кудай билет. Тирүү болсок келечек көрсөтөт. Себеби, Кемпир-Абад, Ворухка байланыштуу протоколдор алигиче жашыруун болуп, бул маселелер боюнча так маалыматтар элге чыга элек. Качан чыгат, “кечиккен эффект” болуп келеби? Аны азырынча айтуу кыйын.

Камактагылардын “катуу кармашабыз, артка кайтпайбыз!” дегендери бир нече ирет ачкачылык жарыялашып, эски оорулары күчөп, ден соолуктарына катуу залал келип, кыйналып жатышат. Айрыкча жашы өтүп калгандарына кыйын эле болууда. 

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарындагы, эл каңгый электеги, таалим-тарбия көргөн, чындап элим деп эңгиреген оппозиционерлердин көбү картайып, мага окшоп тынчып, катарлары суюлуп кеткендиктен, элден колдоосу бар, айбаты күч оппозиция азыр жок. Текебаев баш, калгандары төш болушуп, кызмат, сыйлык, бирдеке-сирдеке алышып, жылуу жерлерге киришип, туш тарапка тарап кетишкен. Эми ал тынч картаюуну чечкен пенсионерлерди кантип айыптайсың? Аларда айып деле жок. 

“Оппозиция болобуз” деген жаштардын басымдуу бөлүгү жалпы элдик кызыкчылык үчүн эмес, жан багуунун, бийликке кирип баюунун айласы (ремесло) катары кабылдап, ким пул берсе ошонун ырын ырдоого дайын “арзыматтарга” айланып калгандай. Тынчыбаган калдыктары болсо зынданда аёосуз кысымды баштарынан кечирүүдө. Акыры алар да эстерине келиштиби, айтор, эки ирет “болду, биз да тынчыйлы, саясый чечим кылып бошоткула” дегенсишти эле, бийлик ишенген жок окшойт. “Буларың болбойт, кайра баштайт” дештиби, айтор,  бошотушпады. Айласы куруган Азимбек Бекназаров сот залындагы бирин-серин колдоочуларынын духун көтөрүп коюуну чечимиш этип, кыргыздын кыз-келиндерине камактагы “кемпирабадчылардан” тукум алууну сунуштап, анысы эфирге таркап, аброю паска түшүп, эл ичинде “Азикенин крышасы тайып баштаптыр” деген кептер кетти. Тополоңго тоюп бүткөн эл дагы “булар эми өз кызыкчылыктары үчүн, бийлик үчүн жанталашып жатышат. Буга чейин эки жолу бийликти алганда эмнени кыйратышты эле? Өздөрү эле жек-жааттары менен байышпады беле?! Андан көрө жанталашып аткан эки досту колдой туралы!” деп тургандай.

-- Элет арасында жүрөт экенсиң. Эки доско карата жалпы пикирге саресеп салып жаткандырсың. Айылдагыларда эмне кеп?

 -- Ооба, кичи мекенимде Ысык-Көлдүн таза абасын жутуп, касиеттүү жылуу сууларына түшүп, бала кезде баскан кокту-колотту аралап, ден соолукка көңүл бөлүп, күн кечирип жүрөм. Тоңдо, көл жээкте балыкчылардан алган кичинекей жыгач үй бар. Силердин коллектив жана башка журналисттер келишкен. Бишкектеги үйүмө анда-санда эле бир келбесем, көбүнчө ошол жактамын. Ээн, тынч, ден соолукка да жакшы. Кудайга шүгүр, бала-бакыра, небере-чөбөрө оору-сыркоодон алыс, аман-эсен, окуп-чокуп, бизден жардам сурашпайт, өз оокаттарына тың. “Эмне керек?” деп эле турушат. Биздики эми ошо, эс алмай, кыдырмай... Тобо дейм ушуга!

Эл ичинде болсо, ошо, өткөн-кеткенди эстеп, бүгүнкү күндү талкуулап, эртеңкини боолголоп, жалпы дүйнөдөгү болуп аткан окуяларга чейин сереп салмай... 

“Учурда бийлик кандай иштеп атат? Кылып аткан аракеттери туурабы, туура эмеспи? Каталыктары барбы, көппү?” деген суроолорго жооп издегендерге караганда, “Садыр менен Камчы жан үрөп эл үчүн иштеп жатышат, ууру-кескини аёосуз жазалап, тапкан-ташынгандарын калталарына тыкпай ортого салып, мамлекетти, элди өнүктүрүүнү көздөшүүдө. Бул эки досту колдоого алып, мүмкүнчүлүк берели. Буга чейинкилердин бүт жыдып ит болушканын кайталашса, анда буларга да, элге да убал жок! Ошону менен жок болобуз!” деген сөздөрдү көп угуп атам. “Дакандар” эмес, булар эми соцтармак, эфирге эзели чыкпаган карапайым элдин айтканы.

“Ардактап турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен?” дегендей, коомдогу колдоого шерденген эки дос кысымды ого бетер күчөтүп, ооз ачкандардын баарын четинен камашып, элдин жүрөк үшүн алуу менен бийлигин бекемдөөгө ашыгып атышат, оң жол бекен? Жакшылык менен бүтпөйт, орунсуз саясат го...” дегендер да жок эмес. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер