Аялым ичкенде тажайм, дем салдырсам да болбой койду. Эмне кылсам?
Ички сырым менен бөлүшүүнү туура таптым. Мен Ош базарында соода кылам. Аялым кээде жардам берет. Көбүнчө үйдө. Ал арак ичкенде иштин бүткөнү! Бул “оорусу” бир жумага созулуп кеткенде мени кууратат. Чоңоюп калган эки баламды да укпайт. Күндүз уктап алып, жумуштан чарчап келгенимде “концертти коет”. Түнү менен тажатат. Уктап калсам үстүмө минип алып, айламды кетирет. Соолукканын күтөм. Сабап салууга деле алым жетет, бирок кекенип калса, өч албайбы? Уктап жатканда бычак сайып, же катуу темир менен чаап жиберсе эмне кылам? Ичкиликке берилгенде коркунучтуу болуп калат эмеспи. Ошондуктан теңелбейм. Бирок тажап кеттим... Айтмакчы, эки жолу молдого дем салдырдым, жардам берген жок. Эмне кылам? Туугандардан, достордон уялып бүттүм, алар деле биздин турмушубузду билишет. Унчугушпайт. Ажырашып кете албайм, ортодо балдар бар. Такыр айлам кетти. Аялы ичкенде коркуп жашаган мен эле болсом керек...
Марат, Арча-Бешик конушу
Aryba.kg