Академик Аскар Акаевдин дүйнөлүк илимдеги дагы бир жаңырыгы


Аскар Акаев илим менен саясатты айкалыштырган, билимге, дээрлик интеллектуалдык өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурган мамлекеттик ишмер катары тышкы коомчулукка таанымал.
Дүйнөлүк илимий чөйрөдө өзүнүн терең интеллектуалдык деңгээли, стратегиялык ой жүгүртүүсү жана глобалдык көйгөйлөрдү так талдай билгендиги менен айырмаланган академик Аскар Акаев бүгүн да эл аралык илим мейкиндигинде жогорку кадыр-баркка ээ экенин дагы бир ирет далилдеди. Анын санарип доорунун чакырыктары, дүйнөлүк өнүгүүнүн багыттары, адамзаттын келечеги тууралуу айткан ойлору илимий коомчулуктун өзгөчө кызыгуусун жаратып, терең мааниде талдоого алынды.
Академик Аскар Акаев Москва мамлекеттик университетинде өткөн “Глобалдык изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери: глобалдык өнүгүүнүн мегатренддери” аттуу эл аралык илимий конференциянын ачылыш аземинде башкы баяндамачы катары сөз сүйлөдү.
21-23-май күндөрү Москва мамлекеттик университети өткөргөн бул ири илимий форумга БРИКС өлкөлөрүнүн Россия, Кытай, Бразилия, Индия жана Түштүк Африка Республикасынын алдыңкы университеттеринен келген белгилүү окумуштуулар катышты.
Аскар Акаевдин “Санарип доорундагы глобалдык өнүгүүнүн мегатренддери” аттуу пленардык баяндамасы илимий чөйрөдө зор кызыгуу жаратып, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Адистер анын мазмундуу ойлору, терең илимий талдоолору глобалдык процесстерди жаңыча аңдап-түшүнүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешип, бул эмгек келечектеги изилдөөлөр үчүн маанилүү багыт жана шыктануу булагы болорун айтышты.
Конференциянын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Аскар Акаев Глобалдык изилдөөлөр боюнча эл аралык академиянын ардактуу президенти катары академиянын жаңы шайланган мүчөлөрүнө салтанаттуу түрдө диплом тапшырды. Алардын катарында бразилиялык профессор Даниэль Барреройс, түштүк африкалык окумуштуу Аулу Найтингейл Смак жана Лю И бар.










