Акыркы кабарлар
» Коом » «Манас» эпосуна «ушунчалык кол салуу» болгон эмес
«Манас» эпосуна «ушунчалык кол салуу» болгон эмес
03-апрель, 23:52
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌«Уйгур версиясы»
Александр Бернштам (1910-1956) жараткан. IX кылымга туш келет. Яглакар-ханды кыргыздардын башчысы деген. Уйгур менен кыргыздын ортосунда эки согуш болгон (биринчиси 808-820-жылдарда, экинчиси 820-840-жылдарда). Бернштамдын көз карашы боюнча Яглакар Манастын «прообразы». Енисей кыргыздардын доору. «Яглакар» деген ысым ташка кагылган жана кытайдын «оромуна» жазылып калган. Таш 1909-жылы Монголиядан табылды (Тарбагатай деген жерде, Орхондун боюнда). Жазуу мындай: «Мен, Бойла Кутлуг деген кыргызмын, менин атам Яглакар хан уйгурлардын жерин ээлеген». Кытайлардын жазуусунда бул кыргыз жоокерлердин башсычы, 847-жылы өлгөн, анын атын кытайлар Цицсе Гунге Гинь деп аташкан. Бирок кытайдын хроникасында (787-жана 795-жылдарда жазылган оромдордо) «Яглакар тан элинен чыгып, өз улутунун атын чыгара албай, ал тектүүлөрдүн урпактарына кызмат өтөгөн, кыргыздын каганы муну багып алып, оң колбашчы кылган» деген маалымат бар. 847-жылдын оромунда «кыргыздын жайсаңы Аба жетимиш миң черүү менен «шыгайларга» дүмөк салган» деп турат.
«Тан» эли – бул кытай эли.
«Шыгайлар» – бул уйгурлар.
«Дүмөк салган» – жеңип алган, талкалаган.
«Ором» – оролгон жазма, свиток.
«Яглакар» – уйгур сөзү («чимирилген кар»).
«Калмак версиясы»
Виктор Жирмунский (1891-1971) негиздеген. XV кылымга туш келет. Эпостун өзөгүн кыргыз-калмак согушу түзөт деген көз караш. Манас ошондо (салгылашуу баштаганда) пайда болгон имиш. Согуш XV кылымда башталып, XVIII кылымда аяктаган. 1758-жылы кытайдын армиясы калмакты талкалаган. Жирмунскийдин пикири боюнча ошол калмактар исламдын душмандары, ал эми Манас мусулмандардын башчысы. Цитата. «Всего в эпосе три слоя: 1) древнейший VI-XIV века, 2) калмыкский – XV-XVII века, 3) поздний – XVII-XIX века. Манас проходит через такие ступени: сказочный богатырь, племенной вождь, глава дружины, феодальный правитель, хан-завоеватель». Жирмунскийдин көз карашы ушундай. «Манас» деген эпос XVIII кылымда жаралып, ал жерде «калмак окуялары» негизги орунду ээлеп турат. Мурунку кылымдардын окуяларын, «эпоско» манасчылар киргизген экен. Бул «божомол». Предположение.
«Жайсаң версиясы»
Бүбү Мариям деген кыргыз айым жаратты. VII-VIII кылымдарга туш келет. Бүбү өзү Жайсаң Умет уулу деген «кайыпка» кезигип, ошондон «Манас дастанын» жазып алган имиш. «Кайып» деген сөздү орусча «призрак» деп коюшат. Медитациянын күчү менен Бүбү Ат-Башыдагы «Жылаңач бугу» деген тоонун ичине «кирип», ал жерден Манас менен «кезигет» экен. Анан Манастын «биографиясын» түзүп берет. Ал «52 жыл жашаптыр: 670-жылы төрөлүп, 722-жылы өлүптүр» дейт. Бирок Бүбү тоонун ичине кирип (XXI кылымда), Манас тирүү экенин «көрөт». Буга эч ким «прообраз» болгон эмес дейт. Манастын эл арасындагы башка аты бар экен – Куту Улуг Эл Төрө деген ысым. 682-жылы жоокерлерди чогултуп, согуш жолун баштаптыр. 12 жаш кезинде.
Манастын чоролорунун бири (Бүбүнүн версиясы боюнча) Жайсаң Умет уулу «ушул эпосту айта баштайт, анан Ырамандын Ырчы уулу деген чоро Жайсанга уу берип, өлтүрүп салат. Бул «кылмышка» байланыштуу Жайсаңдын аты чыкпай, ал эми Ырчы уулдун аты азыркы күнгө чейин чыгып атат. Мындан ары бул «кылмышкерди» биз унутуп, эми накта «манасчы» Жайсаңды көккө чыгарыш керек» дейт. Ушундай «окуяны» Бүбүгө «кайып» Жасаң айтыптыр. Бул версия басмаканадан 2009-жылы 10 томдон, 10 миң нуска менен чыкты. Мектептерге таратышты. Муну илимпоздор «галюциноз» деп аташат. Медитация менен келген «мистика».
Бул версияны колдогон Темирбек Токтогазиев, ал 2013-жылы «Айкөл Манас – тарыхый инсан» деген китебин чыгарды. «Манас Улуу Түрк каганатын түптөгөн» дейт. Түрк каганаты кыргыздардын мамлекети имиш. «VIII кылымда кыргыз элин азаптан куткарган тарыхый инсандын ысымы Элтериш – аны Элтерес жана Куту Улуг Эл Төрө деп аташчу экен» деди. Автор бул жерден Бүбү Мариямга «үндөш» болуп чыкты. «Манастын ысымдары ушул, демек, Манас өзү тарыхый инсан болгон» деп жыйынтык чыгарат. Анан «Манастын тарыхын биринчи Жайсаң Умет уулу эпос кылып айтып берген» деди. Бүбү Мариямга XXI кылымда Жайсаң «лично кезигип», эпостун «сюжетин» толук айтат, ал аны кагазга түшүрүп, басмадан чыгарат. «Укмуш».
Тарыхый фактылар бул китепте «эргүү» менен «эритилген». Бул «медитация» дегенди колдонгон божомол. Бул «фальсификация». Ушундай аракеттерге 2016-жылы Жумгал районунун соту чекит койгон – Бүбү Мариям чыгарган китептерди «экстремисттик адабият» деп чечим чыккан. Жайсаңды таратууга «запрет» коюлган. «Жайсаңчылар» эми «дем алышып», кайра «чоң казатын» башташты. Бүбү Мариямды колдогон Темирбек Токтогазиев кайра баштады. 2023-жылы «Манастан» алган беш китеп» (Аксиологиялык талдоо) деген «эмгегин» чыгарды. Китептин башкы бетинде минтип жазылып турат: «Кыргыз Республикасынын президентинин фондунан каржыланды. Башкы редактору – мамлекеттик катчысы». Президент Садыр Жапаров бул китепке өзүнүн атынан «жолдомосун» жазыптыр. Ал жерде Манастын сөзү деп мындайды келтириптир: «Кулалы таптап куш кылдым. Кулдарды топтоп журт кылдым». «Курама» деп илгертен бери айтып келаткан сөз «кулдарды» дегенге айланып калыптыр. Муну ким алмаштырды? Суроого автор жооп берет: «Аксиологиялык талдоо» деген терминди китептин мукабасына жаздырыптыр, бирок бул жоопкерчиликтен куткарбайт. Ушул терминдин мааниси боюнча «идеологическая субъективная доктрина» деп аталат. Анан «Манасты» ушинтип «булгаган» доктринага кыргыздын ажосуна «жолдомо» жаздырасыңарбы? Же муну атайын жасадыңарбы – президент бул китепти «лично» колдоого алса, эл унчукпай калат дедиңерби?
Ооба, айрым курч маселелер бара-бара унутулуп калат. Мисалы, 2017-жылы музейдеги «мумияны» көмгөн маселе. Эл аралык деңгээлдеги сынга алынган ишти бат эле унуттук. «Мумияны» жерге көмдүк. Көзү ачык аял «көмүш» керек деп айткандан кийин, ошону аткардык. Бирок азыркы маселени кантип «жашырабыз»? Бул китеп, муну кантип көмөсүң – бир миң нуска менен 2023-жылы чыккан чоң китеп. Токтогазиев 10 жыл мурун чыккан китебиндеги «абсурд» дегенди дагы кайталады. Бүбү Мариямдын китебиндеги сүрөттөрдү кайра чаптады. Түрк каганатынын жетекчилерин кыргыз кылды. Алар Барсбек каганды (кыргыздын жетекчисин) өлтүрүп, анан ошол «эрдигин» ташка жаздырышты. Түрк каганатынан Тонюкукту автор Бакайга айландырды (накта аты «Тонукөк» экен деди). Абсурд.
Китептен бир цитата берейин. «Биз орто кылымдагы, тагыраак айтканда, Куту Улуг Эл Төрөс – Айкөл Манас атабыздын убагында кыргыздар ээлик кылган географиялык чөлкөм менен карай турган болсок, Тынч Мухиттен (океандан) Кара Деңизге чейинки аймакты ээлеп турган кыргыздардын бир бөлүгүндөгү хандык кылып туруп, жең ичинен тан императору менен келишим алганын укканда барып, Барсбекти өлтүрүп, ордуна башка бирөөнү хан көтөрдүк ....». Бул Култегиндин таш эстелигинде жазылган дейт. Анан «ушул жана башка жагдайларды жалпы элдик талкууга коюп туруп, Тонукөк (Тонюкук) – Бакайдын ордун аныктап, туура эмес маалыматты жоюп, тарых боюнча окуу китептерине өзгөртүү киргизүү учурдун талабы» деп автор жыйынтык чыгарат. Токтогазиев негедир даанышман Бакайга өзгөчө басым жасап, муну негизги «персонаж» катары көрсөтүүгө аракет кылат. «Манасты Манас кылган Бакай экендигин даана туйгузат» дейт. Күлтегин – бул Түрк каганатындагы жоокерлердин башчысы. Автордун түшүнүгү боюнча, Түрк каганаты менен Кыргыз каганатында айырма жок, бул «каалаганда» алар бири-бири менен алмаша берип, бири-бирин өлтүрүп, жашынмак ойношот.
Токтогазиев «Манас» эпосун «ревизия» кылууга чакырып атат. Муну Манастын сөзүнөн баштады. Ал мына («ревизордун» версиясы боюнча).
Кырк эки жылы кан болдум,
Кулаалы жыйып, куш кылдым,
Кулдарды жыйып, журт кылдым.
Ушу турган калыкка
Тентиген журтту баш кылдым. (Т.Токтогазиев. «Манастан» алынган беш китеп. – Бишкек, 2023, 228 б.).
Эки сапты «редакциялап» салыптыр – «кулаалы таптап» жана «курама жыйып» деген сөздөрдү буруп салып, «кулаалы» менен «кулдарды» чогуу «жыйыптыр». Буга макул бололу, бирок кыргыздарды бул кантип «кулга» айландырды экен? Дагы бир суроо – «тентиген журт» бул ким? «Ревизиясы» ушундай болсо, аман эле болсун дечи, бирок ушундай китеп менен булар кантип «нарк маселесин» чечишет? Элге эмне дейт – «буга чейин кыргыздар кылымдан кылымга жаңылып келген, себеби манасчылар Манастын сөзүн туура эмес айтып жүргөн» дейби? «Эми мына, атам замандан бери уланган чоң «катаны» XXI кылымда Темирбек Токтогазиев таап, ошону «оңдоп», анан мамлекеттик катчыны абдан «ынандырып», ажого «жолдомону» жаздырып, китебин «кулдардан жыйылган» журтка тартуулап турат».
Биз эми чыдайбыз, бирок «мындайды далай эле көрдүк» десек жалган болот, себеби мындай «ревизияны» эч ким көргөн эмес. «Манас» эпосуна «ушунчалык кол салуу» болгон эмес. «Жайсаңдын» биринчи «чабуулунда» (он жыл мурун болгон) президенттен «жолдомону» алышкан эмес. Азыр болсо «ушуга эми жеттик» деп, «демделип» эле калышты. Бирок булар «Жеңиш күнүнө» жеталбайт. Себеп бар. Президент «Жайсаңдын» тобуна кирбейт, калыс жыйынтык жасап, «чоң катаны» кетирген кызматкерлерди «командасынан» чыгарат. Ушуга ишенип туралы. «Катаны» кетирбеш үчүн президенттин алдында «спичрайтер» деген кызмат бар (тексттерди жазып берген адам) жана «кеңешчи» (советник) дегени да бар. Булар ал жерде, эмне, «каталарды жаратыш үчүн отурабы»? Булар «Абыке менен Көбөштүн» урпактарыбы? Кетирбесе, бийликтин «кезектеги катасын» көрөбүз.
Бөлүшүү:

Кубан Мамбеталиев, профессор
«Азия Ньюс» гезити
«Азия Ньюс» гезити