Биз качан күчтүү мамлекетке, түптүү системага айланабыз?


Кылмышка шектелип, кыңыр ишке кириптер болгондорго ажонун айланасында орун жок экенин турмуш көрсөтүүдө. Мисалы, Жаныбек Кубандыков инвестордун ири суммадагы каражатын алдап алууга шектелип, УКМК тарабынан камакка алынды.
Аны “өз киши” катары жигин билдирбей басып койсочу, анда эртеңки күнү эмне болмок? Айыккыс “шишик” былжырап жарылып, бүтүндөй бийликтин бетине көө сүйкөлмөк да. Андан соң башкарууга доо кетип, ишенимсиздик жаралмак, туурабы? “Жандооч кийик аттарат” дейт. Эгер үзөңгүлөшүң булганыч иштерге аралашып, элдин мүдөөсү эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн майкандап атса, кайсы жетишкендикти айтмак элек? Сазга батканың ошол да...
Көп жылдардан бери Жаныбек Кубандыков президент Садыр Жапаровдун жакын адамы катары сыпатталып келип, бирок оңой келген байлыкты көргөндө жолдон тайып кетсе, ага кандайча баа беребиз? Албетте, мурдагы кеңешчисине карата ажо “жети өлчөп, бир кескендей” чечим кабыл алганы маанилүү. Асыресе башкаларга сабак болот. Экинчи жагынан дос, тууганды калкалап отурбай, мамлекеттик системанын мыйзамдуу, ырааттуу нукка түшүшүнө кам көрүшү парз. Өлкө башындагы адам адилеттүү, калыс болсо, тегерек чети да ошого жараша түздөнөт. Бийликтин акыйкаты канчалык артса, элдин колдоосу дагы көбөйө бермекчи. Мындай шартта саясый-экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө даңгыр жол ачылары шексиз.
Соңку айларда Садыр Жапаров тазалануу расмисин чечкиндүү көрсөтө баштады. Досуң, тууганың, же кандайдыр бир кыйбас адамың мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турбашы керек. Ошондо гана түптүү система куралып, элге таянган бийлик калыптанат. Бул таризде алгачкы кадамдарды байкадык. Эң башкысы, мындай ийгиликти жаратууга ажонун саясый эрки, бекем мүнөзү керек эмеспи.










