Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » К.Ташиевди табалаган Н.Сыдыгалиев эртең С.Жапаровду да жекиреби?

К.Ташиевди табалаган Н.Сыдыгалиев эртең С.Жапаровду да жекиреби?

17-сентябрь, 22:47
1 201 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Кечээ эле Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп, баарын калчап отурганда билесиңер, Нурбек Сыдыгалиев сын-пикир айтпай эмне кылып жүргөн? Эми түштөн кийин кыйынсынып, Ташиевге карай табалап сүйлөп калыптыр. “Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап!” дечү эле мындайларга. Таңгаласың. Кийин заман өзгөргөндө Садыр Жапаровго да каршы чыгып, жекирип отурганын элестетип көрсөңөр, кызык бекен?..

     Жашоо укмуштууларды көрсөтө берет тура. Ооматы жүрүп турган адамдын астында кол куушуруп, бирок андан бакыт тайган кезде каршы уруп, 180 градуска бурулгандар ар заманда боло келген эмеспи. Мунун өзү көрпендечиликтин пас деңгээли да, туурабы? Мына ушундай жаман адатты кийинки жаштар үйрөнбөсө экен. Ал эми Нурбек Сыдыгалиевге айла жок, оңолбосо керек. “Бүкүрдү көр түзөйт” дечү беле? 

     Саясаттагы кубулма жүздөр ушинтип эле өздөрү ачыктала берет да-а...


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер