Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Эхх, чиркин жашоо!.. Жалындап турган жаш кезиңде алоолоп жанган жаш дене камырдай ийленбесе карып экен. Фейсбукту ачып эле Сыргактын жазган постун окуп, бир жыл мурунку окуя көз алдыма тартыла түштү. Ал күндөгүдөйдү андан бери көрө элекмин, ага чейин да көрбөгөм... Жыпарын чачкан гүл сымал аңкый турган кезимде ширемди сорбой, мени да арманда, өзүңдү да арманда калтырган сенин такыбалыгың ай...
Таң эрте ишке келерим менен кесиптештер болуп планеркага кирдик. Редакторубуз тема бөлүштүрүп жатып, “Акбермет, сен бүгүн бошсуң, эртең Кара-Кечеге барып репортаж тартып келесиң, сени алып кетет, азыр үйүңө барып эс алып, даярдан” деп калды. Операторду жергиликтүү телеканалдан алат экенмин, мени болсо кечинде алып кетерин айтты. Көмүр шахтага барарымды укканда маанайым суз, “башка эркек балдарды деле жиберсе болот да, өчөштү да калды. Мейли, иштебеген ишим калды беле, шахтага барса барып деле келем” деп ичимен күбүрөнүп алып туруп кеттим. Кечке чейин бошмун, бүтпөй жүргөн иштерим көп, кайра сүйүнүп шашыла жөнөдүм. Кечээ курбумдан кийим саткан бир дүкөндө арзандатуу болуп жатканын уккам, жолдо баратып ага кирдим. Денеге жагымдуу, жумшак сонун көйнөк алдым. Бутум түз, боюм узун болгондуктан, жайында дайыма кыска кийем. Мындай бутка жетпей жүргөндөр канча, Кудай берген бутту көргөзгөндү да билиш керек! Кечке чейин майда-чүйдө иштерим менен жүрүп, үйгө барып суй жыгылдым. Бирок, жатканга убакыт жок, бир аздан кийин Кара-Кечеге алып кетчү адам келет, ага чейин балам менен энеме тамак жасап, душка кирип чыгууга камындым. Жолдошуман ажыраганыма көп болду, таарыныша кетип, эки бөлөк жашап жүрүп, кийин ал досунун колунан каза болуп калган. Ошондон бери балдарымды жалгыз багам...
Душтан чыгып, чач кургатып отурсам телефон шыңгырап, коңур үндүү сылык жигит “Кара-Кечеге сизди жеткирүүнү тапшырышкан, кайсы жактан алып кетем?” деп сурады. Дарегимди айтып, “жарым саатта даяр болом” десем, “шашылбаңыз, күтүп турам” деп күлүп, коюп койду. Жай саратаны болгондуктан, кечинде да үп болуп, дем жетпей турган учур. Көл сезону эмеспи, эртең ишке кийчү кийимимди салыштырдым да, жаңы алган көйнөгүмдү кийдим. Күзгүдөн өзүмдү көрүп, эмнегедир өзүнчө бактылуумун...
Аңгыча телефон шыңгырап, мени алып кетчү жигит келип калганын айтты. Чыксам, аппак “Лексус 570” токтоп турат. “Ушул машина менен алып кеткенге келгенби?” деп, терезе жагына басып барсам, олбурлуу, түрк сериалдарындагы актёрлорго окшош жигит “Лексустан” түшө калды. Колумдагы сумканы алып, багажына салды. Жол жүргөнүбүзгө жарым сааттай болуп, Канттын тушуна келип калганча эч үндөгөн жок. Артында отургандыктан телефонумду карап кете бердим. “Мен сизди телевизордон көрүп жүрөм, атым Сыргак” деп колун өйдө көтөрүп, машинанын ички жарыгын жандырып койду. Үнү коңур, олбурлуу гана эмес татынакай да жигит экен. Кыргызга көп окшошо бербейт, уйгур же өзбектин каны бардай. “Жакшы, менин атым Акбермет” дедим. Ошол бойдон кайра унчукпай жолду карап кете бердик. Күзгүдөн улам-улам артты карап коёт. Бир топко чейинки жымжырттыктан кийин машинанын ички жарыгын өчүрүп коюп, кайра сөз баштады. Боомго жеткенче таанышып, сүйлөшүп бардык, дүйнө таанымы кенен, баардык жактан кабары бар жигит экен. Иштеген иши тууралуу такыр сөз козгогон жок. “Лексус 570тин” акыркы үлгүсүн айдап жүргөнүнө караганда, бизнесмен окшойт, бирок, мурда “көмүр бизнесин криминал көзөмөлдөйт” деп уккандыктан, “черныйбы” деп да ойлоп койдум. “Боомдогу кафелердин бирине токтоп, тамактанып алалы” деп сунуш кылды. Мен курсагым ток экенин айтсам да болбой, “кантип сиздей белгилүү журналистти ачка алып барам?” деп тамашалап түшүрдү. Боомдо дайымкыдай шамал болуп жаткан экен, мен басып барганча жаңы алган кыска көйнөгүм денеме чапташып, шамал болгон фигурамды көрсөтмөй болду. Эшикти ачып күтүп турган Сыргак көзүн албай карап калганын байкап, ыңгайсыз боло түштүм. “Кап, башка эле кийим кийсем болмок экен...” дедим ичимен кылыктана. Кафеде жарыкта Сыргактын жүзүн даана көрдүм. Чынында келишкен жигит...
Тамактанып бүткөн соң, барып машинанын астыңкы орунуна отуруп алдым. Жолдошумду жоготкону Сыргакка түшкөндөй назарым бир да жигитке түшкөн эмес. Олбурлуу, коңур үндүү, көздөрү бакыракай, дерзкий жигит экен, чындап жакты. Назданып отургудай кыз белем?.. Чынын айтсам, көптөн бери мындай кең далылуу эркекке колум артылбай, сагынып да калгам...
Сыргак эмнегедир бир азга жоголуп кетип, анан келип машинага отурду. Кыска көйнөгүм отурганда жоон саныма чейин түрүлүп, өзүмдү-өзүм көрүп, делебем козголуп кетип жатты. Көзүнүн кыйыгынан улам карап коюп, сүйлөп бараткан Сыргак анекдот айтып берип боорду эзди. Жанатан сүрдүү сыяктанганы менен тамашакөй дагы экен. Эми мындан ары Жумгалга чейин эки сааттай жол жүрөбүз. Ал жакка мени жайгаштырып коюп, таң эрте алып кетет...
Көл сезону болгондуктан, Боомдун ичинде каршы-терши машиналар агылат. Кубакыга бурула бергенде бир да жан жок, караңгы жолдо анда-санда машинадан сырткары жалгыз биз бараттык. Бишкектен бери бир калыпта гана келаткан Сыргак Кубакынын караңгы жолунда анекдот айтып күлдүрүп бара жатып, колдорумдан кармаганга өттү. Катуу, чоң колу назик билегиме тийгенде дене-боюм жагымдуу дүркүрөп кетти. Сыргак мени бир карап, буттарымды бир карап эле Кубакынын түз жолунан бурулуп, жаман адыр менен тоону көздөй айдап жөнөдү... Машинаны дөңгө өйдөлөтө токтотуп, мени белимден имере тартып, оозумдан соруп жиберди. Карылуу колу менен капшыра кармаганда капыстан кол салган бүркүттүн алдында калган коёндой болуп, кыймылдабай туруп бердим. Сол колу менен көйнөгүмдү түрүп салды. Ичке, тор турсийим гана болбосо, белимден ылдый жылаңач. Башында оозумду ала качып, тырышып жаткан менен тез эле бошоп бердим... Мен анын мойнуна артылганда белимден катуу тартканына ийип, бир топко ысык өбүштүк. Дароо машинанын артына өтүп, кылыгымды көрсөтсөм, мени кайра машинадан жерге жетелеп түштү. “Лексустун” артына алпарып бамперин карматып коюп, “карагерин” матырып жиберди... Сыргак “карагерин” киргизгенде чучук жасаган ичегиге этти батпай жатса да тыгып киргизгендей, өңүрүм толо түштү... Белимден мыкчый кармап, каккылап кирди. Мындай ачык асман алдында капыстан “жесткий секс” биринчи жолу эле. Ай талаада эч тартынып койбостон болушунча үнүмдү коё бердим... Аркамдан замбиректей каккылап жаткан Сыргак токтоор эмес, ырахаттын туу чокусуна чыгып жатып, буттарым талып, каккан сайын башым бамперге тийе берип, ооруп чыкканын байкабапмын... Айланып Сыргактын мойнуна ороло көпкө өбүшүп, машинанын ичине жетелеп кирдим. Үстүнө отуруп, кең далысын бекем кучактап алып желип баштадым. Мындайды эч качан татып көргөн эмес элем. Сыргак колун аркаман алып ийинимен ылдый тарта кармап, чыңалып туруп “өхх” деп кучактаган бойдон чалкалап отуруп калды... Мен анын кең төшүнө башымды жөлөдүм. Бир топтон кийин Сыргак мени акырын оодарып коюп, сыртка чыгып кетти. Эсиме келип, башымды көтөрсөм, сыртта күңгүрөнгөн үн чыгып жатат. Көйнөгүмдү оңдоп машинадан түшсөм, Сыргак эки колун жайып алып келме келтирип, Жараткандан кечирим сурап отуруптур. Артынан кучактап, кулагынан жыттап, “бул бейишти мага көргөзбөсөң, сенин бейишке чыкканыңдан эмне пайда? Рахмат сага, мен мындай болорун билчү эмесмин” деп шыбырадым...
Бишкекке келгени Сыргак мага такыр байланышка чыккан жок, өзүм телефон чалып, смс жазып, жолугушууну сунуштасам да келген жок. Бир ирет “баягы окуядан кийин “Лексус 570” тез-тез бузула бергенден сатып жибердим, дөөтүдө антпеш керек окшойт” деп тамашалады. Азыр болсо Фейсбуктан “лайк” басышып турабыз...
Акбермет, журналист
"Азия Ньюс" гезити