Жусупбек Коргонбай менен тирешкен Ноокат акими кетти, кийинкиси этиятташ керек


Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов кызматынан кетти. Ал буга чейин ишкерликке кыянаттык кылып келгенби? Мисалы, Жусупбек Коргонбай уулу курдуруп аткан “Ноокат Молл” логистикалык борборунан кынтык издеп, беймаани текшертип, талаш-тартыштар чыкканы эсибизде. ЖМКларга чейин талкуу тарап кеткен. Натыйжада, Данияр Шейшеканов көпкө узабай кызматынан кол жууду. Анын ордуна Нурлан Керимкулов дайындалды. Азырынча бул кадр боюнча тескери жүрүштөрү угула элек...
Кыскасы, Жусупбек Коргонбайга жамандык кааласаң жарыбай каласыңбы? Убагында Шайырбек Ташиев экөө дос болушуп, бирок ал кийин кыянаттык кылып кеткенби? Көп өтпөй ортолорунда келишпесик жаралып, бири-бирин жектеп калышканын эшиткенбиз. Жусупбек мырза мандатынан ажыраганда, Шайырбек Ташиев накта жүзүн көрсөтүптүр... Ортодогу көп кызыктар коомчулукка чыкпаса керек. Анан эмне болду? Коррупцияга айыпталып камалды. Азыр түрмөдө отурат.
Кезинде министр Алымкадыр Бейшеналиев да Жусупбек Коргонбай уулунун каарына калып, акыры кызматынан алынып, бийлик чөйрөсүнөн сырткары сүрүлгөн... Айтор, мындай фактыларды санай берсек арбын экен.











