Талант Мамытов саясый жүк көтөрүп, оор сыноолордон өткөнү менен өзгөчө...


2012-жылы Камчыбек Ташиев Акүйдүн кашаасынан ашкан окуядан кийин Талант Мамытов атайын даярдыктагы аскерлерден таяк жеп, камакка алынган. Мына ушуну кордук көргөн катары сыпаттасак болот. Моралдык-физикалык жактан жабыркоонун кесепети...
Бирок, башынан катаал сыноолор өтсө да Талант Мамытов “азап көрдүм” деп арызданбайт экен. Өткөн кыйынчылыктарды ичине жашырып, чыныгы мырзалык сапатын көрсөтүп келет. Айрымдар кичинекей эле оош-кыйыштарга чыдабай ыйлакташып, коомчулукка даттанып чыгышканын көрбөдүкпү. Мисалы, Марлен Маматалиевдин айткан “азап-тозогун” эстеп койгула. Ийгиликсиз хайппы? “Бир жериң” менен күлөсүң да...
Чындыгында Талант Мамытов саясый жүк көтөрүп, 2020-жылдагы олку-солку кырдаалдан соң Жогорку Кеңештин төрагасы катары өлкөнү кризистик абалдан чыгарууга чоң салым кошкон. Бул фигуранын дээрлик сыноолордон өткөнүн баамдадык. Эгер алдыда дагы кыйынчылыктар жаралса, мамлекеттүүлүктүн кызыкчылыгы менен элдин таламына жараша түз жолду тандайт. Ишенимдүү. Аркы-берки саясый күчтөргө секирбейт. Оор басырыктуу жана туруктуу. Баскан жолун баамдасак, ушундай мүнөз берүүдө...
Ошон үчүн күзүндө Талант Мамытовдун парламент төрагалыгына дайындалышы боюнча олуттуу сөздөр тарап, жөн жерден талкуулар жаралбаса керек. “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” деп бекер айтылбагандыр...











