Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кызымды көтөрүп таенемдин төрүнө барбайын деп чыдап жүрөм...
Кызымды көтөрүп таенемдин төрүнө барбайын деп чыдап жүрөм...
25-январь, 11:54
2 353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Атам апамды уруп жүрүп, мен коркок болуп чонойдум. Апам да айла жок бизди жетим калбасын деп чыдап жашады. Бара-бара атам баарыбызды уруп баштады. Тогузду бүтүп, колледжге тапшырдым. Ата-энем дагы катуу урушуп, апам бизди айылга, таенемдикине алып кетти.
Ал жактан бир-эки эле жолу сүйлөшкөн жигит ала качып кетип, отуруп калдым. Мен да апмдын жашоосун кайталап, ал адамдын ичкен арагынын азабын тартып келем. Бала кезде тарткан азаптарымдын уландысы... Кызымды көтөрүп таенемдин төрүнө барбайын деп чыдап жүрөм. Бирок, күйөөмдүн жөнү жок кол көтөргөнүнө чыдабай баратам...
Надира