“Манас” фильмине чоң державалар каршыбы?
Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
-- Өмүрзак мырза, “Манас” фильмин Голливуд менен тартуу боюнча бир жарым жылдан бери катуу сөз жүрүп келатат. Ага ишенбегендер да бар. “Голливуд өзү каржылык кыйын абалда турса, кыргыздын элдик чыгармасына чоң каражат бөлмөк беле?” дегендер чыгууда. Долбоор кандай абалда, реалдуулукпу?
-- Улуу “Манас” эпосубуздун негизинде көркөм фильм тартууну бир жарым жылдан ашык убакыттан бери Америка (Голливуд), Франция, Түркия, Кытай киночулары менен талкуулап келатабыз. Адегенде түркиялык кесиптештер менен 3 сааттык көркөм же анимациялык фильм тартууну болжогонбуз. Голливудга барганда алгач 20 миллион долларга 4 өлкөнүн кинокомпаниялары биргелешип тартуу макулдашылды. Бирок, голливуддук супер жылдыздар катышмайынча дүйнөлүк масштабдуу тасма жаралбасынан улам Брэд Питт, Шварценеггер сымал актёрлорду катыштыруу жагы каралды. Алардын ар биринин акысы 20 миллион долларды түзөрү, жалпы бюджет 100 миллион доллардан ашары дайын болду. Америкалык эки компания каражат жагын караштыруда. Андай чоң сумма заматта чечилбеси белгилүү да. Голливуддун сценарист, продюсер, режиссёрлору чыгармачылык жагын аткарышат, ал эми каражатты эл аралык ири компания чечмекчи.
-- Эл аралык компанияга кыргыздын чыгармасын даңазалап эмне зарыл?
-- “Манас” дүйнөдөгү эң көлөмдүү жана популярдуу элдик чыгарма экендигинен улам, ал жалпы адамзатты кызыктырып, чоң каражат түшөрүн эсепке алышып, коммерциялык максатты көздөшөт.
-- Американын Лос-Анжелес шаарында Голливуддун продюсер, режиссёр, менеджерлери менен сүрөттөрүңүз соцтармакта жарыяланды...
-- Голливуд кинорежиссёр, продюсер, менеджерлери Роджер Янг, Тигран Мутафян, Марк Антони жана финансы корпорация өкүлдөрү менен “Манас” фильминин каржы маселесин кенен талкууладык.
-- Кандай чечимге келдиңиздер? “Манас” фильми качан тартып башталат?
-- Буюрса, Америкадагы президенттик шайлоодон кийин уюштуруу, тасма тартууга даярдык иштери башталмакчы.
-- “Манас” дүйнөлүк улуу чыгарма, ири идеология. Кыргызстан Голливуд, Америка менен иштешсе, Россия, Кытай Айкөл Манас бабаларын чапканы үчүн каршы турбайбы?
-- Кино – оболу искусство. Америка менен Россия саясый-экономикалык жактан жаатташканы менен Голливуд кинолорун россиялыктар кызуу көрүп атышат да. Кытай “Манасты” урматтап кургандай эстеликтер Кыргызстанда жок. Экинчиден, “Манас” эпосу жаралган миң жылдан ашык убакыт мурда Кытай азыркыдай бир бүтүн зор мамлекет эмес, чачкын, майда уруулардан турган. Анүстүнө баштапкы илимпоздордун изилдөөлөрүнө таянсак, Манас бабабыз кидан, манжу, каңгайлар менен чабышкан.
-- Калмактарчы?
-- Миң жылдан ашык мурдагы заманда калмактын бабасы жунгарлар да жаралбаганын тарыхчылар жакшы билишет.
-- “Манастын уулу Семетей” жарыяланбай токтоп калды го?..
-- “Манастын уулу Семетейди” чет өлкөлүк прокатчылар талкуулашып, азыр атайын (спец) эффекттер жасалып, кошумча сценалар тартылып, мурдагы айрым узак эпизоддор кыскартылып, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, чет өлкөлүк теле жана интернет каналдарга даярдалууда. Ортодо “Манасты” каржылачу компания “Семетейди” токтотуп туруп, “Манасты” чыгарып, андан кийин “Манас-2” деп “Семетейди” дүйнөлүк супер жылдыз актёрлордун катышуусунда чыгарууну сунуштап, убакыт созулду.