Акыркы кабарлар
» Саясат » Мурда “кускандар” Ташиев менен эсептешүүгө жакындап калыштыбы?
Мурда “кускандар” Ташиев менен эсептешүүгө жакындап калыштыбы?
14-июнь, 13:02


“75чилердин катына” байланыштуу Камчыбек Ташиевдин кутулуп чыгары божомолдонуп атса, бирок андан кийинки тагдыры татаалдашабы? Тар чөйрөлөрдө кызык кептер козуп баратат... Маселен, убагында жүздөгөн байлар (бизнесмендер, экс-чиновниктер, саясатчылар, ж.б.) кыйноолорго кабылышып, “кусушканы”, үй-мүлктөрүн, жерлерин, имараттарын, миллиондорун алдырышканы, натыйжада, алар эсептеше турган учурга жакындап калыштыбы? Бул өтө олуттуу суроо. Азырынча Ташиев мамлекеттин кайтаруусуна алынып атса, а эртеңчи? Ага карата “тиш кайрагандар” ушунчалык көппү? Ооба, чын эле курч соболдор арбын экен. Эбегейсиз байлыктарын УКМКга жулдуруп жибергендер доолап жатышса, дагы канчасы бар?..











