Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мусорный ящиктин” абалы оор

“Мусорный ящиктин” абалы оор

25-сентябрь, 19:38
421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Маркум Дооронбек Садырбаев оппозициялык кыймылдарды “Мусорный ящик” деп айтып калчу. Кыргыз саясатчылары оппозицияда жүрүп, бийлик көз кыскан күнү Акүйдүн босогосун сагалап, көчүккө тепкен күнү оппозицияга секирип, туруксуз эле. Ушундай өпөң-чычаң замандын саясатчыларына Доке өлбөс, өчпөс наам берген. Бүгүн кашайып, ошол ящик бопбош турат. Бийликтерди сестенткен мурдагы оппозициялык кыймылдардын бири жок, керек болсо, оппозияны баштап чыга турган салмактуу, билимдүү, уяттуу саясатчынын өзү жок. Кыкеңдин бүт эле саясатчылары бийлик көз кыскан күнү жүгүрүп барганга даяр. Анан, сыры кеткендин сыны кетет болуп, бийлик кимиси менен эсептешмек эле?

     Бир чети саясый чөйрө азыр майдаланып кетти. Чиновниктердин кызмат ордулары өлкөнүн маселелерине караганда маанилүүдөй сезилет. Интелегенция уйкуда, аксакалдар үнсүз, коомчулук болсо кайдыгер. 

     Дооронбек Садырбаев айткан “Мусорный ящиктин” абалы оор дегеним, азыр өйүз-бөйүз тынч. Келген, кеткен, муштумун түйгөн, салам айттырган, коркутуп, үркүткөн эч ким жок. Бийликтин көңүлү куунак, социалдык тармактар аркылуу сүйлөгөн анча-мынчалар гана болбосо, негизинен, кылычын кайраган саясатчылар жок. Ошол эле кезде оппозиция биримдиксиз, шайлоого аттана турган күчтүү талапкерлери да жок. 

     Мындай абалдын жакшы, жаманы кийин билинет. Бирок, сырттан билим алган идиректүү жаштардын колу-буту тушалбашы керек. Мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтиргендер боюнча укук коргоо органдары чечим кабыл алышар, ага ак же көк дегенге эч кимдин акысы жок. Жаштардын канаты кайрылса, бул улутубуз үчүн зыян. Саясатта өйдө-ылдый сөздөр боло берет. Терикпегендер бийликте көп жыл отурушат. 

                                                Манас Осмон

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер