Акыркы кабарлар
» Саясат » Ошто Аманкан Кенжебаевдин орду жокпу? Митингди Каныбек Туманбаев барып басты...
Ошто Аманкан Кенжебаевдин орду жокпу? Митингди Каныбек Туманбаев барып басты...
21-ноябрь, 21:56


Аз күн мурун Кара-Суу базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышып, аны дароо Каныбек Туманбаев барып басты. Ач айкырык салгандар тез эле чогулушканы кызык. Элдин талабы аткарылып, ашыкча “кайыш тилинбей”, мурдагы калыбында иштей беришерин Туманбаев убадалады. Аныгында, шайлоо астында анчейин күчкө салууга барбаш керек го? Этияттайлы.
Эң олуттуусу, ошол митингди алдын алуу, жайгаруу маселесин эмнеге гебурнатор Аманкан Кенжебаев колго алган жок? Дээрлик жергиликтүү бийликтин жетекчилерин анализге алып, иштей албай жаткандарын электен өткөрүү зарыл. Жакынкы айларда шайлоо болсо, ар бир чуу чыккан жерге Туманбаев чуркап барабы? Таңгалычтуу. Иштей турган тың кадрлар дайындалбаса, кийин өкүнүч жаратпайбы?











