Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гиппократтын антын сактаган Жаркынбек Касымбеков шайлоого аттанабы?

Гиппократтын антын сактаган Жаркынбек Касымбеков шайлоого аттанабы?

24-октябрь, 19:38
1 081 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      “Жакшы ниет жарым ырыс” демекчи, медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбековдун президенттик шайлоого катыша турганын эшиттик. Көмүскөдөн кандайдыр бир кысымдар болуп кетпесе эле каарманыбыздын чоң күрөшкө бел байлаганы бекер жерден эместир. Буга чейин көпчүлүк саясатчылар куугунтукталышты, соттолушту, айтор, майдан тазаланып калганы жашыруун эмес. Мындай шартта баш көтөрүп чыккан лидерди көрүүгө суусап турбайбызбы...

     Эске салсак, 2020-жылы Жаркынбек Касымбеков “Чоң казаттын” штабын башкарып, шайлоонун дүбүртүн чыгарып, андан соң бийлик алмашууга чейинки процесстерге аралашып, негизги күчкө айланганын кантип жашырабыз? Бул жагынан алганда, көшөгө артындагы көп кызыктарды козгобой эле коёлу...

     Убагында Жаркынбек Касымбеков жооптуу кызматтарды аркалап, коомчулукка төбөсү көрүнүп калган. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу жана орун басары болуп, бир катар мекемелерди ийгиликтүү башкарып келди. Тажрыйбалуу жетекчи, абийирдүү ак халатчан. Гиппократтын антын жогору сактайт. 

     Айтмакчы, Жаркынбек мырза “Кыргызтесттин” сынагынан оңой эле өтсө керек. Себеби, ал борбордогу кыргыз мектепти алтын медаль, И.Ахунбаев атындагы КММАны кызыл диплом менен бүтүргөн. Медицина илимдеринин доктору, мамлекеттик башкаруу магистри. Интеллектиси жогору кадр. Саясый элитанын көрүнүктүү өкүлү. 

     Кыскасы, Жаркынбек Касымбековдун аламан жүрүшкө ат ойнотуп чыгууга мезгили келип турган чак. Эр ортону элүү жаштан жаңы ашып, акыл-көрөңгөсү толуп, бар алына жетип турган убагы. Мындай куракта эли үчүн тобокелдикке барып, эмне үчүн туу көтөрүп чыгууга болбосун? Белдүү жигит эмеспи, бир айыгышып көрсүн да...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер