Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмгекке жарамдуу жаштардын чет өлкөлөргө кетип атканын кантип токтотсок болот?

Эмгекке жарамдуу жаштардын чет өлкөлөргө кетип атканын кантип токтотсок болот?

05-март, 13:23
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсенгул Исаков, экс-депутат:

-- Эмгекке жарамдуу жаштардын тышка чыккан агымын токтотуу үчүн Кыргызстанда жумуш орундарды көбүрөөк түзүшүбүз керек. Айыл чарба тармагында кайра иштетүүнү колго алсак, биринчиден, жумуш орундары түзүлөт. Экинчиден, Кыргызстан чийки зат берүүчү эле мамлекет болбой, өзүбүз өндүргөн сырьёлорду кайра иштетип, эбегейсиз пайдасын көргөнгө мүмкүнчүлүктөр бар. Ошон үчүн кайра иштетүүнү колго алышыбыз керек. Болбосо сырттан товар ала берип, экономикабыз төмөндөйт.

Айыл чарба министрлигине министр болуп келгендин баары эле “кайра иштетүү тармагын колго алабыз дешетбирок аны эч кимиси аткарган жок. Чындап ар бир облуска өндүргөн сырьёну кайра иштеткен холдингдерди уюштуруп койсок, миңдеген жумушчу орундар түзүлмөк. Канчалаган жаштар өз мекенине кайтып келишмек? Бизде жумуш жок, каражат тартыштыгынан талааны атам же агам эле иштете берет деп жумушка жарактуу, алдуу-күчтүү жаштардын баары сыртка кетип жатышат. Соңку убакта жумуш издеп чыккандардын саны көбөйбөсө, азайган жок. 

Эгер сыртка чыгып кеткен миллиондон ашык жарандарыбызды мамлекетибизге кайтарабыз десек, алардын канчасы жогорку, орто билимдүү экенин жана кандай кесиптерге ээ болушканы боюнча анализ жасап, ошого жараша жумуш орундарын түзүп, анан чакырышыбыз керек. Эмгек жана миграция министрлиги мына ушундай анализдерди чыгарышы шарт. Мисалы, жеңил өнөр жай же курулуш тармагы боюнча орундарды түзүп жатышат, бирок ага иштегени келгендер жок да. Демек, мындай жумуштарга жаштар тартылбасын түшүнүп, башка жагынан аракет кылышыбыз керек.

Айтайын дегеним, экономикабыз көтөрүлүп жатса, жаштарды кызыктыра турган рычагдарды колдонолу. Союз мезгилинде жаштар үйлөнсө шакек жана үй салууга участок бекер берилчү. Ошондой эле үй салууга узак мөөнөткө ссуда алышчу. Азыр да мамлекет ушундай кадамдарга барышы зарыл. 4-5 сотых жер берип, үй салып ал деп пайызсыз кредит берсе, жаштар сыртка чыкмак эмес. Мал чарбачылыгына кызыккан жаштарга алгач 10 кой берип, “мындан аркысын улантып ал десе, мал чарбачылыгына да тартылгандар көп болмок. Мына ушундай жолдор менен мамалекет жаштарды кызыктырса болот. 

Чолпон Осмонова:

-- Эмгекке жарамдуу адамдардын Кыргызстандан чыгышын токтотууга мүмкүн эмес. Анткени, дүйнө жүзүндө миграция тегеренип турат. Ошон үчүн күч менен эч кимди сыртка чыкпа деп токтото албайсың. Ага болбой эле кыргыздар келген президентке асылып, президент минтпейт, антпейт деп доомат коё беребиз. Чынында жарды эмес, бай өлкөлөрдүн эли деле башка мамлекеттерге чыгып, иштеп келишет. Ошон үчүн бул жерде бийликтин деле анчалык күнөөсү жок. Учурда Таиландда жүрөм. Эң чоң маяна 300 доллар экенин угуп, таңгалып жатам.

 Биздин жаштар европалыктардай болуп калышкан. Ошон үчүн бай үй-бүлөнүн балдары дагы башка мамлекеттерге чыкканга кызыкдар. “Мен Кыргызстанга калбайм. Чет мамлекетке барып, өнүгүп, өсүп келем” дешет. Ошон үчүн эмгекке жарамдуу жаштардын тышка чыгып иштеп келгенин токтотууга мүмкүн эмес. Биз эле эмес, бул процессти Америка, Европа, Россия да токтото албайт. Мисалы, биз Россияга барып иштейбиз. Кайсы мамлекетке барбайын, ошол жакта жашап, иштеп, бизнес ачып жаткан орустарды кезиктирем. Болбосо орустардын жашоо шарты бизден жакшы го. Таиландда дагы гиддердин баары орусча экен.

Жумуш жок дейбиз. Тикмечилерге жана курулушчуларга түзүлгөн жумуш орундарына деле иштеген кыргыздар аз го. Болбосо Лев Толстой көчөсүндө жумуш издеп турган адамдар ошол жакка иштесе болот да. Алар антип баш-оту менен кирип иштегиси келбейт. Күнүмдүк жумуш менен жашоосун өткөрүүгө ылайыкташып алган. Ошон үчүн тыштан келген мигранттар Кыргызстанда түзүлгөн жумуш орундарында иштеп жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер