Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкул Керексизовду руханий лидер, даанышман катары тааныйлы!

Ташкул Керексизовду руханий лидер, даанышман катары тааныйлы!

27-апрель, 23:33
1 985 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп Аалы Токомбаев таамай жазган тура. Анын сыңарындай, залкар инсан Ташкул Керексизов мамлекеттик ишмер катары эбегейсиз эмгек кылып, элибизге жарыгы тийген жагы да арбын. Азыр биз учкай гана курулушчулук талантынан азыноолак кеп салалы.

“Рух Ордо” маданий аймагына эл аралык коноктор байма-бай катташып, президенттерден жөнөкөй жарандарга чейин барышат. Ысык-Көлдөгү ажайып кооз жерибиз катары сыймыктанабыз. Бул руханий комплексти убагында Ташкул Керексизов куруп, үлкөн ачылыш жасаган эле. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери мамлекетибизге кызмат кылып келатат. Андыктан, Ташкул акенин эмгегин сыйлап, аны даңазалоо иретинде жогорку деңгээлде наам тапшырып, арбагын ыраазы кылсак жарашмак. Ошол “Рух Ордого” келгендерге курулуштун автору Ташкул Керексизовдун өрнөктүү өмүрүн тааныштырып, ага карата ардактоо менен сый-урмат жасалышы керек. “Өткөндөр баркталмайын тирүүлөр даңкталбайт” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, биз чыныгы улуу адамыбызды таанып-билүүдө кенендигибизди көрсөтөлү. Ташкул Керексизовду руханий лидер, даанышман катары баалай алсак, келечекке карай үлгү, үлкөн сабак кылмакчыбыз...


Тайлак Назымов 

"Азия Ньюс"  гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер