Акыркы кабарлар
» Саясат » Кадыр Кошалиев Сайдулла Нышановду кнопка басканы үчүн сотко берди
Кадыр Кошалиев Сайдулла Нышановду кнопка басканы үчүн сотко берди
24-июнь, 21:02
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго каршы башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу төрага өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
“Атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан, коомчулуктун жана өзүмдүн атымдан "Ата Мекен" фракциясынын депутаты С.Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн КР башкы прокуратурасына расмий арыз таштоону туура көрдүм. Кандай дейсиздер? Эл өз укугу үчүн күрөшпөсө болбой калды. Булар биздин үстүбүздөн билгенин жасай берет экен”.