Этникалык кыргыз Булан Бейсен Монголия парламентине депутат болду
Монголияда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча башкаруучу "Монгол Элдик" партиясы абсолюттук жеңишке жетишти, бирок, айрым провинциялык аймактарда оппозицияда жүргөн "Демократиялык" партиясы бир нече мандатка ээ болду.
Алсак, Баян-Өлгий аймагында "Монгол Элдик" партиясынын өкүлдөрү эки орунга ээ болушту. Шайлоого "Демократиялык" партия менен аттанган, Монголиянын эмгек сиңирген доктору, этникалык кыргыз улутундагы Булан Бейсен бул райондогу үч мандаттын бирин алды.
Молха уруусунан чыккан Хавдисламын Баделхан жана Телуханы Аубакир «МЭП» партиясынан депутат болуп шайланышты.
"Демократиялык" партиянын төрагасы Булан Бейсен кесиби боюнча хирург жана "Өлгий" шаарындагы оорукананын башкы врачы болуп эмгектенет.
2015-жылы Wordpress.com басылмасына берген маегинде, ал Монголияда 3000ге жакын этникалык кыргыздар жашарын айткан.
"Монголияда 100 миңден ашуун казактар жашайт. Алар менен бирге 2000-3000 кыргыз бар, булар 400 үй-бүлөнү түзөт. Документ боюнча биз казакпыз. 1999-2000-жылдары паспорттогу "улуту" деген жерге бизди кыргыз деп көрсөтүү керектигин айтып, Монголиянын өкмөтүнө кайрылганбыз. Бирок, муну жасай алган жокпуз. Кыргыз тили эбак эле унутулуп калган, бири-бирибиз менен казакча сүйлөшөбүз. Анткен менен баардыгы санжырасын жакшы билишет. Биздин област Баян-Өлгий деп аталат, бирок, көбүнчө Улаанхус, Сагсай, Бугат жана Ногооннуур райондорунда жашайбыз. Быйыл менин бир тууган агам Жоламан Булан «Монгол кыргыздары» жөнүндө китеп чыгарды",-деп айтып берген Бейсен.
Баян-Өлгий аймагы монгол тилинен которгондо – бай жер дегенди түшүндүрөт. Монголиянын -- 21 облусунун бири.
Сentralasia.media