Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Түмөнбаевдин тизгинин тартып койчу адам жокпу?

Акылбек Түмөнбаевдин тизгинин тартып койчу адам жокпу?

03-октябрь, 15:28
1 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Өткөн айда Кырчынга баргандагы жоругу эсибизде, депутат Акылбек Түмөнбаев төрага Марлен Маматалиевдин жолун торой басып, боз үйгө биринчи озунуп кирип, ыңгайсыздык жараткан эле. Статуска, этикага караш керек да. Же уруп ойнобой жүргөнү ушулбу? Айрымдар андан жазганышып, “ажонун кудасы, жайына коёлу...” дешкени да кызык. 

     Эми болсо Акылбек Түмөнбаевдин Баткенге баргандагы сүрөт, видеолору чыгууда. Шадыраңдай алдыга түшүп, адатынча Марлен Маматалиевди жөөлөп, астыга озуп чыгып, байдын эрке баласындай эле чалчактаганы эмнеси? Мамлекеттин экинчи адамы – спикерди көзгө илбей адыраңдай берсе болобу? Аргасыздан ушундай соболдор жаралууда. Иш-сапардагы протокол, эрежелерди сакташыбыз зарыл эмеспи. 

     Айтор, Акылбек Түмөнбаевдин тизгинин тартып, акыл айтып койчу адам жокпу? Тыйып коюш керек го...

     Ал эми Марлен Маматалиевдин жайына келсек, табиятынан кичи пейил, тарбия көргөн жигит тура. Жараткан ооматты да көтөрө турган пендесине бергени ушулбу? Жарыктык жалгасын...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер