Бакыт Бакетаев: “Садыр Жапаров бүт бийликти колуна топтоп, мамлекет капитализмге өттү”


-- Жаңы Башмыйзам боюнча жалпы өзгөрүүлөргө токтолсоңуз? Министрлер кабинетинин ролу кандай болду? Кадр тандоо маселесинде система өзгөрөбү?
-- Чын айтсам, жаңы Конституция мурдагылардан бир айырмасы менен өзгөчө. Садыр Жапаров бүт бийликти колуна топтоп, жоопкерчиликти ачык-айкын өз мойнуна жүктөдү. Мурунку президенттердин Конституциялары деле баарын көзөмөлгө алышчу, бирок анча-мынча нерселерди демократиянын, парламентаризмдин көшөгөсүнө бекитип, жеке басарлыкты олигархтар менен биргеликте башкарган... Ал эми Жапаровдун Конституциясы боюнча алсак, биздин коом, мамлекет конкреттүү капитализимге өткөнүн айгинелеп жатат. Элибиз мурунку социализмди унутуп, эми ишкерликке умтулушу керек. Натыйжада, биздин байларга карап, алардын ички ниеттерине, гумандуулугуна, аң-сезимине, ариеттерине таазим кылып, үмүт байлаганга туура келет.
Жапаровдун Конституциясы ар башка пикирге, көз карашка же болбосо кандайдыр бир эркин оппозицияга эч бир шарт түзбөйт. Дээрлик үмүтүбүз Садыр Нургожоевичтин саясый эркине, жоопкерчилигине, тажрыйбасына жана эзели эскирбес кыргыз элининин философиясын колдонгондугунда болот. Мисалы, Конституцияда өзгөргөн жагдайлар – министрлер кабинети, курултай жана башка майда-чүйдө нерселер аттары өзгөрсө да маңызы ошол бойдон калды. Аныгында, “Кудай сактасын” деп касиеттүү элибиз жаңы президентибизди бир жыл колдоп көрсүн, тоскоолдук кылбай чыдасын, анан тыянагын чыгарыш керек.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











