Расул Умбеталиев, эксперт: “Жаңы сунушталган тариф саясаты карапайым калктын жашоосун оорлотот”

-- Жакынкы күндөрү электр энергиясынын тарифин көтөрүү сунушу берилди. Бул карапайым калктын жашоосуна кандай таасир этет?
-- 2025-жылдын 28-февралында энергетика министрлиги 2025-жылга карата жаңы тарифтик саясаттын долбоорун сунуштады. Бул долбоор боюнча электр энергиясынын бир киловатт сааты 2025-жылдын 1-майынан баштап көтөрүлмөкчү. Анын негизинде тарифтер 23,8%га жогорулайт. Буга чейин министрлер кабинетинин токтому боюнча 2025-жылдын 30-сентябрына чейин тариф саясаты бекитилген болчу. 2021-2025-жылдар үчүн кабыл алынган тарифтик саясатта электр энергиясынын баасы жыл сайын май-июнь айларында инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлмөк. Бирок 2024-жылы инфляция 6,5-7%ды түзгөнүнө карабастан, азыр тарифтерди 23,8%га көтөрүү сунушталууда. Бул туура эмес. Жаңы долбоор боюнча 1-майдан баштап карапайым эл үчүн 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонгон жарандарга бир кВт/сааты 2,80 сом болот.
2023-2024-жылдары президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн атайын тарифтерди белгилеген. 2023-жылы аз камсыз болгон катмар үчүн 1 кВт/саат 1,09 сом болсо, 2024-жылдын 1-майынан тартып 1,55 сомго көтөрүлгөн. Бирок жаңы долбоордо мындай жеңилдиктер жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бул – президенттин саясатына каршы келген нерсе. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө карата тариф саясаты аныкталышы керек. Ал эми азыркы жаңы долбоордо мындай жардам каралбаптыр. Бул тариф саясаты элдин кызыкчылыгына каршы келет.
Мындан тышкары, 2026-2030-жылдар аралыгында электр энергиясынын тарифтери жыл сайын 20%дан көтөрүлө турганы айтылууда. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Буга чейин тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлүп келген. Бирок азыр андай эмес, тарифтер өтө жогору көтөрүлүп жатат.
Бул маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн министрлер кабинети тийешелүү токтом кабыл алып, мурдагы, 2021-жылы бекитилген токтомду жокко чыгарышы керек. Анткени бул элге каршы саясат да. Мындан тышкары, 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонгон жарандар үчүн тариф 3,5 сомго чейин көтөрүлмөкчү. Бул өтө чоң жогорулатуу. Ал эми алтын өндүрүүчү ишканаларга, заводдорго, майнинг компанияларына тариф болгону 20%га, ал эми эл үчүн 23,8%га жогорулайт. Бул адилетсиз.
Тарифтик саясат боюнча дагы бир маанилүү маселе – инфляцияга жараша айлык акылар, пенсиялар, жөлөк пулдар индексацияланышы шарт. Бирок акыркы жылдары мындай болбой жатат. Бул элге, мамлекетке жана президентке каршы келген тариф саясаты.
"Азия Ньюс" гезити