Коронавирустун оор формасы тукумсуздукка алып келеби?
Окумуштуулар коронавирустун оор формасы тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экенин айтууда. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Мындай бүтүмгө келүү үчүн Новгород мамлекеттик университети менен Санкт-Петербург педиатриялык медициналык университетинин окумуштуулары казакстандык кесиптештери менен иликтөө жүргүзгөн.
Ага эки топко бөлүнүп, 62 эркек катышкан. Алгач февраль айында баардыгынан анализ алып, бел суусун текшерип көргөндө, коронавирус жукпаганы жана уруктары активдүү экени аныкталган.
Биринчи топко коронавирустун жеңил же белгиси жок формасына чалдыккан 30 эркек киргизилген. Ал эми экинчи тобуна оор формада ооруган 32 киши кошулган. Алардын ичинен үчөө өзгөчө катуу ооругандар.
“Күз айларында кайрадан текшерип көргөндө, экинчи топко кирген эркектердин уруктарынын активдүүлүгү 1,5-2 эсеге азая түшкөн, ал эми катуу ооруган үчөөнүн сперматозоиддери такыр эле жок болуп кеткен” деп айтылат билдирүүдө. Бирок, окумуштуулар эркектердин мындай абалга кептелишине чындап эле коронавирустун тийешеси бар же жоктугун иликтөөсүн улантууда.
“Азия Ньюс” гезити