Акыркы кабарлар
» Саясат » Райым Матраимовду үй камагына чыгаруу менен териштирүүнү улантса болбойбу?
Райым Матраимовду үй камагына чыгаруу менен териштирүүнү улантса болбойбу?
19-февраль, 00:32
1 666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ушундай. Райым Матраимовду камагандан кийин кайра чыгарыш керек. Козголгон кылмыш ишин үй камагында деле териштирсе болот. Ал буга чейин деле качып кеткен эмес. Тергөө менен кызматташып, 2 миллиард сом төлөп берген. Коррупцияга шектүү ондогон эргулдар ээн-эркин жүрүшсө, аларды көрүшпөй эле Матраимовго көнүмүш адатындай асыла беришеби? Эриккендердин “камалсын” деген кыйкырыгы коомдук пикир эмес. Кыйын кезде Райым Матраимовдун элге жасаган кайрымдуулугун, көп жакшы сапаттарын эске алуубуз зарыл. Тек гана саясый оюндун курмандыгына айландыруу акылга сыйбайт. Кара кылды как жарган калыстык керек го?..
Aryba.kg