Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаев эртеңки күндүн тамырын кармагандай ишарат жасады
Атамбаев эртеңки күндүн тамырын кармагандай ишарат жасады
20-апрель, 07:32
645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌7-апрель элдик революция күнү. Мамлекеттик деңгээлде иш-чара өтүп, маркумдарга куран окутулушу керек эле. 87 азаматыбызды кантип унутабыз? Жүздөгөн майыптар, 14 жылдан бери көз жумгандар... Эгерде баатыр мүнөз ошол мекендештерибиз көтөрүлүп чыгышпаганда, бейкүнөө жарандар атылбаганда, бүгүнкүдөй жашоого жетет белек? Мамлекетибиз таланып-тонолуп кетмекпи? Айтор, ойлонто турган соболдор арбын.
Тилекке каршы, ал убакта Таластан таяк жеген Акылбек Жапаров азыр өкмөттү жетектеп жатса, андагы Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы Нурланбек Шакиев спикер болуп отурса (ошондо кармалбай качып кеткен), булар элдин үнүн угушмак беле? Кандуу бийлик кулаган, элибизге эркин жашоо, кең келечек тартуулаган 7-апрель күнү өзгөчө деңгээлде даңазаланып, белгилениши керек болчу. Өтө өкүнүчтүү. Көпчүлүк катмардын бугу ичинде калды. Мындай тарыхый күнгө кайдыгерлик менен мамиле жасаганыбызды келечек муун кечиреби? Мейли, убактылуу басмырланып, өгөйлөнгөнү менен убагы келгенде татыктуу деңгээлде бааланат.
Баса, Алмазбек Атамбаев Испаниядан үн катып, 7-апрель элдик революция күнү менен мекендештерин куттуктап, бул датанын маанилүү экенин эсибизге салды. Элге дем берди, өткөн чак менен келер чактын тамырын кармагандай ишарат жасады. Алдыны көрө билген саясатчы да! Ооба, кечээги тарыхыбызды унутпай, келечекке шам чырак жаккандай образ бергени кубандырды. Баракелде, Алмазбек Шаршенович! Колдогондор бир сыйра копшолуп алышты...
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити