Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Шакалёнок”

“Шакалёнок”

01-август, 14:12
927 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      (Тамсил) 

     Күндүн көзү түнөрүп, ала булут каптап калган чак... 

     Ынтымак ыдырап, ырк кетип, токой-түз, бөксө тоолордун кунары качып, дээрлик жандыктар жик-жик салыша бөлүнүшүп, абал начарлап бараткан болчу. Мындайда азуулуудан ача туякчанга чейин убактылуу тынышып, көлөкөдө бугуп жатышмакчы. Көп өтпөй удулу келдиби? 

     Токой падышасы арстанга өзүнүн эле табакташтары күтүүсүздөн каршы чыгышып, тактан кулатууга чамынышты. Чак түштөгү чагылгандай... Жолборс, илбирс, сүлөөсүн баш болгон жырткычтар жетимиш беш түрдүү жан-жаныбарларды өздөрүнө каратышып, кутум жасоо менен арстанды аласалдырып жибере жаздашты. Кандай жагымсыздык? Аткан октой тездикте жаза тайган сокку урулганы коркунуч жаратты.   

     Аргасыздан арстан ачуулана кыйкырды:

     -- Бул токойдо ким кожоюн? 

     -- Бир гана сиз, улуу урматтуум! – деди чөө.

     -- Анда эмнеге жолборс, илбирс жана сүлөөсүн мага баш ийбей калышты? Алар калайман салышпадыбы...

     -- Азууңуздан айлансын, мартабалуум! Качан эле биздин токойго башкалар падышалык кылчу эле? Кам санабаңыз... – чөө жагалдана куйругун шыйпаңдатып жиберди.

     -- Ай, макулук, сенин даражаңды көтөрүп, өзүмөн кийинки орунга койдум. Анүчүн тиги чыккынчы айбандардын эсебин табасың! – деп арстан күрсүндү. 

     -- Куп болот!

     Ошентип, чөө салып уруп жолго чыкты. Жортуп баратып, бир кезде жолборско жагынып жүргөнүн, анын тукум көбөйтүү тапшырмасын үзүлүп түшө колдогонун, ырсаңдап күлүп, мактап чыкканын эстеди. Жарыктык. Агездеги түпкүчтөй ийилгени, кулдук урганы көз алдына тартылды, кур намыска ырылдамыш этип койду. 

     Аңгыча токойдун чыга беришиндеги дөңсөөгө жетип калыптыр. Көзү жамандыкты көрбөсүн, так секире жолдон ыргып, чоочуп кетти. Жолборс, илбирс, сүлөөсүндү көрдү. Булар жаңыдан бир доңузду жара тарта жешип, жаланып-жуктанып жатышкан экен. Чөөнүн эки көзү тостоюп, чанагынан чыгып кете жаздады. Корккондо адатынча славян тилинде сөгүнүп алмай адаты бар эле. Бирок, бу саам жүрөгү оозуна тыгыла түшүп, жалгандан өпкө чапканга жарады.

     -- Эй, бузукулар! Бул токойду арстан гана башкарат! Биз бербейбиз! Силер шакалсыңар, шакалёноксуңар! – деп өңгөчү айрылганча кыйкыра берип, – “шакальтетип” кетесиңер... – деген боюнча делдейе туруп калды.  

     Жолборс менен илбирс көңүл деле бурган жок. Көк шиберге оонашып, дагы эле кенебей жатышкан. Сүлөөсүн гана башын көтөрүп, мурутун сербейте жылмайды:

     -- Бизди “шакалёнок” дейби? 

     -- Чөө тура... – деди илбирс оозун аңырдай ачып.

     -- Кармачы, тилин жулайын! – жолборс оолжуй ордунан турду.

     -- Силерден коркпоймун! Мен экинчи арстанмын! Кана күч сынашасыңарбы? – деп чөө чыйылдап жиберди.

     Аңгыча сүлөөсүн сербейген мурутун серпип алып, ыркырай тап бергенде, ал жалтана үркүп, куйругун арткы шыйрактарына кыпчый калып, качып жөнөдү. Калың токойго ызгып кирип, бадалдарды аралай зуулдады. 

     -- Силер шакалёноксуңа-ар! – деп ачуу үн сала безип баратты. 

     Мындай чууну уга калган арстан “селт” эте чоочуп, чөөнүн чымын-куюн болуп келатканын көрүп, күркүрөй ордунан туруп, эки жагына каранды. Жымжырт. Тиги үч жырткыч токой ичине жойлоп кирип келатышыптыр. Эмне кылыш керек? Чыныгы досу ушундайда сыналат тура. Ары жактан чоң күрөң аюу көрүнүп, арстандын жанына коомай келип, отура кетти. Ошондо гана жолборс тык токтоду, илбирс менен сүлөөсүн элейе түштү. Арбашуу. Арстан эрдемсий алдыга арыш салды, басыгы демдүү. Жанындагы күрөң аюу чоролор чыккан дубанда, чокусу бийик тоолордо чоңойгон эмеспи, күрпөңдөй коштоп алды. Алиги үч жырткыч болсо, энтелеңдей токойду таштап чыга беришти. Мына ушунда гана артта келаткан чөө астыга озуп чыгып:

     -- Айттым беле? Жеңдик! Коркоктор качышты! Токой биздики! – деп куйругун чамгарактатып барып токтоду. 

     Саамга теребел тынчтана берип, кулак жапыра жатышкан башка айбанаттар да баш көтөрүшүп, айланадагы кубулушка ишенбегендей таңданып турушту. Балким бул убактылуу көрүнүштүр... Үч жырткычтын алты саны аман, куландан соо кезеңи, булар убактылуу чегиништи окшойт. Азырынча толук кандуу мөөрөйгө ээлик кылуу эрте дечи, мактануу да алешемдик, асыресе, баёолук. 

     Ичимтап арсарлык, эки анжылык чөөнүн табиятына тунуп калганын кантебиз? Көзүн жумса эле каардуу жолборстун келечектеги жеңиши элестеп, мындайда арстанды сатып кетүү оңойго турарын ойлоп, күчкө гана сыйынганын көз алдына сыдырды. Кысталак. 

     Бирок, алдыда кандай гана шермендеси чыгарын этибар албады...

                                                       Кыян Сары
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер