Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин жакын адамдары Ташиевди “туздай” башташтыбы?

Президенттин жакын адамдары Ташиевди “туздай” башташтыбы?

16-апрель, 11:57
1 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алгач УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажиктер менен чек араны чечүүгө катуу киришип, алар жакка жүк ташуучу унааларды киргизбей токтотуп, керек болсо курал колдонууга чейин барарын кыйыткан. Жакында эле Ворухту алуу үчүн Тажикстанга башка жерди сунуштай турганын билдирген эмеспи. А коңшулар ага карата кыр көрсөтүшүп, маалыматтык чабуулун жүргүзүп турушту. Көп узабай Эмомали Рахмон Ворухка келип, бул жерди талкуулоого мүмкүн эместигин кесе билдирди. Ток этери, алмашууну кескин түрдө тыйып койду. Ооба, Ташиевдин патриот экенин билебиз. Бирок чек араны чечүүдө Тажикстан менен кыйчалыш кырдаал жаратып койгонун, маселени татаалдаштырып салганын Акүйдөгү билермандар тымызын айтышууда. Президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары Камчыкенин жүргүзүп аткан саясатын, кылып аткан иштерин тар чөйрөдө сындай башташканы эмнени билдирет? Аягы барып эки достун ажыраш аягына такалабы? Айтор, ушул күндөрү интриганын козуп баратканын айрым “дирижерлор” саймедирешүүдө. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер