Сыймык Жапыкеев артындагы аңыз кептерге эркекче жооп береби?


Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев “Ынтымак Ордодон” Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болушканы, ошондон бери саясый талкуулар жанданып жатканы жашыруун эмес. Биз дээрлик баарына токтолуп отурсак, сөз көбөйүп кетчүдөй.
Эмесе, тек гана жакында журналист Лейла Саралаева жазган “саясый ушактарга” чекит коюш керек. Анда Сыймык Жапыкеевдин кызмат сураганы, ага карата ишенбестик жаралганы, наша чеккени айтылганбы? Мындай аңыз кийин дагы сегиз талапкер менен ажо жолугушканда каңкууланганбы? Албетте, ыңгайсыз суроолорго Сыймык Жапыкеев эркекче жооп берип, так кесе сөзүн айтышы зарыл. Президенттикке талапкер болуп аткан соң, ар кандай интрига, имиштер чыгары шексиз, бирок коомчулукка күмөн саноо калтырбай, убагында кырдаалды жайгаруу маанилүү эмеспи.











