Айрым коллегалары кармалбай ээн-эркин жүргөнүнө Эльдар Жакыпбеков нааразы имиш


УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги Эльдар Жакыпбеков жана командасындагы жакын балдары камакка алынышкан соң, алардын кылган иштерине, байлыктарына коомчулук таңгалып эле жатып калбадыбы. Системанын аброюна шек келтиришти. Натыйжада, бул жагынан сөз ырбай берет экен.
Кызыгы, айрым маалыматтарга караганда, “Эду” башка коллегалары кармалбай ээн-эркин жүргөнүнө нааразы имиш. Ал береги (УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгындагы) кызматына аз убакыт гана иштегенин, көп операциялар башка колдор аркылуу жасалганын саймедиреп жатабы? Убакыттын өтүшүнө карай Эльдар Жакыпбеков көп сырларды ачып, кимдерге карата көрсөтмө берет? Бүйүр кызыта турган күндөр алдыда окшойт.
Анан калса, “Эдуну” СИЗОго которбой Бишкек шаардык ИВСте кармашканы кандай? СИЗОго барса душмандарынын колуна түшөбү? Түшүнүү кыйын...











