Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбек Аманбеков: “Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы системада кантип шайлоо керектигин жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок”

Султанбек Аманбеков: “Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы системада кантип шайлоо керектигин жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок”

27-ноябрь, 22:51
1 464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жума аягы парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү Кыргызстанда эле эмес, кыргыз жарандары бүткүл дүйнө жүзү боюнча шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Анткен менен Кыргызстандан сырткары, чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөн жарандарыбыз бу шайлоого кандай шартта катыша алгандыгы тууралуу Москва шаарындагы Султанбек Аманбеков кесиптешибиздин оюн уктук.

-- Султанбек мырза, парламенттик шайлоого Москва шаарындагы жарандарыбыздын добуш берүүгө кандай шарттар каралган, ушу боюнча эмне дейт элең? 

-- Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага жалпысынан 21 партия катышуу ниетин билдирген. Бул жолку шайлоо мурдагылардан өзгөчө болот, анткени депутаттардын саны 120дан 90го кыскарды. 54 депутат партиялык тизме менен келсе, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланат. Мындай системада биринчи жолу шайлоого катышып жаткан кыргызстандыктар үчүн шайлоо системасы түшүнүксүз бойдон калууда. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы системада кантип шайлоо керектигин жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок.

Чет өлкөдөн шайлоого катышуу үчүн элчиликке атайын каттоого тургандардын саны мурдагыдай эле аз бойдон калды. Анүстүнө чет өлкөлүктөр мекениндеги паспорттогу катталган аймагынан чыгып жаткан бир мандаттуу шайлоо округунун талапкерлерине добуш бере албайт. Бул бир мандаттуу шайлоо округунан чыгып жаткандар үчүн минус болууда. Себеби, 18 жаштан жогору, шайлоого укугу бар жарандардын көбү чет өлкөдө жүргөнүн эске алсак, алардын добуш алуусу кескин төмөндөйт.

Россия Федерациясынын аймагында элчилик жана консулдуктарга каттоого тургандардын саны аз, мигранттардын шайлоого болгон маанайы да суз. Мындай көрүнүш чет өлкөдөн шайлоого катышкандардын саны аз болорунан кабар берет. Өлкөдөгү акыркы саясый кырдаалды, парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөнүбүздү жана башка бир топ фактыларды эске алуу менен бийлик административдик ресурсту колдонуп, кайсы бир партияга жан тартпоого тийиш. Бийлик кимдир бирөөгө боор тарткан учурда 2020-жылдын октябрындагы окуялар кайталанып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер