Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: “Өлкөдө билим берүү системасы толугу менен кыйрап бүттү”

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Өлкөдө билим берүү системасы толугу менен кыйрап бүттү”

18-июнь, 22:10
1 009 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, быйыл 12 жылдык билим берүүгө өткөнү турабыз. Беш жарым, алты жаштагы балдар 1-класска барат экен. Арасында окумак турсун, сүйлөй албагандары да бар. Алар кыйналып калышпайбы?

-Мен негизинен 12 жылдык билим берүү системасын колдойм. Ал боюнча ЖМК аркылуу акыркы 15 жылда бир топ эле жазып, айтып жана талап кылып келем. Бирок, ар бир мамлекет үчүн билим берүү системасы приоритеттүү гана болбостон, ал улуттук стратегиялык маселе болгону оң. Мында башка өлкөлөрдү бакшыга окшоп туурагандын пайдасынан зыяны көп. 12 жылдык окууну акырын гана экономикалык жагдайыбызга карата баштайлы. “Чабал өрдөк мурда учат” болбойлу. Бул ишке сырттан кредит же грант алуунун кереги жок. Анткени ошол кредиторлор өздөрүнүн саясатын таңуулап, бизге эксперимент жүргүзүшөт. Баланы жаштайынан мектеп фобиясына дуушар кылып албайлы.

-- Чоң шаарлардагы мектептерде үч нөөмөт менен окушат. Анча баланы кабыл алууга мектептер да даяр эместиги боюнча айтылууда. Ошондо бул жагы кандай болуп калат?

-- Бишкек менен Ошто гана окуучулар үч нөөмөттө окушат. Бул саясый-социалдык көйгөй, убагындагы башкаруучулардын келесоо саясатынын жыйынтыгы. Ааламга жол айылдан башталат деген сөздү жөн эле пиар катары айтып коюшуп, иш жүзүндө элет жерине эч кандай көңүл бурушкан эмес. Көроокаттын айынан элдер шаарларга байырлашып, күн көрүшкөн. Азыр деле ошондой. Натыйжада айыл мектептеринде окуучулар аз. Кээ бир жерлерде бир окуучуга эки парта туура келет. Анан 12 жылдыкка элет жери даяр болгону менен шаарларда андай мүмкүнчүлүк жок. Мугалимдердин жетишсиздиги да бар. Ошондуктан 12 жылдыкка акырындык менен шарт түзүп гана өтө алабыз. Бирок, кээ бир "чыгаан реформаторлор" андай жагдайларга карабай эле жулунуп жатышпайбы.

-- Билимдүү муунду өстүрүш үчүн аталган системаны кандай нукка бурушубуз керек?

-- Кыргызстандын билим берүү системасы толугу менен кыйрап бүттү. Бирок, чет элдик псевдодемократиялык күчтөрдүн биздеги жасоолдору андай жагдайды уруп ойношпойт. Аларга утурумдук жеке кызыкчылыктар гана керек. Бул өз элинин келечегине болгон чыккынчылык. Бүгүнкү мектептин түбөлүктүү келечегин советтик система эң жогорку деңгээлге жеткирип койгон. Аны азыркы талаптардын негизинде эле кайрадан куруп чыкса болот. Предметтердин окутулуу программалары даяр эле турат. Ар кимге жүгүнө берип, сонун системаны кыйратышты. Чет элдиктер биздин билим системабызга эч качан күйүшпөйт.

-- Мектеп жашындагы балдар ортосунда рэкетчиликти, өзүнө өзү кол салууну жок кылыш үчүн мугалим менен ата-эне эмне кылышы керек? Бул жаатта бири-бирине жоопкерчиликти оодара салган күндө жашап жатабыз го?..

-- Бир министр дөөрүп, “мектеп окутат, тарбия ата-эненин иши” деди го? Ушундай дөөпөрөстүк саясаттын акыбетин көрүп отурабыз. Тарбия – бул перманенттик процесс. Ал маанилүү ишке мектеп менен ата-эне биргелешип аракет кылышат. Ар бир мугалим өзүнүн предметин окутуп жатып, тарбиялык маселелерди кошо камтып туруусу парз. Ата-эне менен класс жетекчинин биргелешкен аракеттери балага бере турган тарбиянын башаты болот. Бирок, мектеп билим-тарбия бербей эле жаш кылмышкерлердин очогуна айланып калды. Президент жанталашып мектептин инфраструктурасын жакшыртып жатат, ал эми мектептин башында паракор, трайбалист жана тууганчыл директор отурат. Ал мектепти өзүнүн жеке бастионуна айлантып алган. Калганын өзүңүздөр түшүнүп алыңыздар.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер