Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Россия-Украина согушу күзгө карай токтойт”


-- Токтогул агай, АКШнын президенти Дональд Трамп “мен эми сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмесмин” деп Россияга койгон ультиматумдун мөөнөтүн кыскартты. Ал Путинге капа болуп жатабы?
-- АКШ Россия Федерациясына ок атууну, чабуулду токтотуу боюнча элүү күн мөөнөт берген. Бирок ВСУ ага карабай согуш аракеттерин токтоткон жок. Дрондор менен Украинанын шаарларын аткылаган. Орустар ал талапка моюн сунбай койгон үчүн Трамп буга нааразы болуп, капаланган пикирин билдирди.
-- Украинадагы жаңжалды токтотпосо, Трамп Россия менен соода кылган баардык өлкөлөрдүн АКШга экспорттолгон товарларына 100% бажы төлөмү киргизиле турганын эскертти. Анын бул аракетинен майнап чыгабы?
-- Трамп бизнесмен катары бажы төлөмдөрүн көтөрүп, экономикалык басмырлоого өткөнү жатат. Сөзгө келсе бажы төлөмдөрүн кыскартып, макул болбосо жүз пайызга көтөрүүнү көздөөдө. Бирок, алар Россияга он жылдан ашык экономикалык басмырлоо кылганы менен майнап чыкпаганын эске алышкан жок.
-- Украинанын эки жараны Кытайда тыңчы катары кармалды. Бул жагдай Кытай Россияны колдоорунан белги бербейби?
-- Чыккынчылар, тыңчылар, шпиондор согуш кырдаалында көбөйөт. Кытайдан кармалган эки тыңчы аздык кылат, дагы кармалышат. Кытай Россияны колдоорун эбак эле ачыктаган.
-- Эми жагдай кайсы тарапка оойт? Америка менен Россия тирешип, согуш курчуп кетпейби?
-- Согуш күзгө карай токтойт. Анткени, Россия Федерациясы тактикасын өзгөртүп, ыкчам чабуул аракетиндеги жолго түштү. Анүстүнө РФнын спецназдары “Альфа”, “Вымпел” курамдары Украинадагы Очаков шаарына жакын жерден Батыштын даражалуу кызматтагы офицерлерин барымтага алышып, “Батыш өлкөлөрү түздөн-түз Россияга кол салууга катышып жатат” деген далилди колго түшкөн британ офицерлери менен аныкташты. Бул коргоо министрлигинин жаңы тактикасы Трампка жакпай жатат. Азыр Батыш өлкөлөрүнүн саясаты кескин түрдө өзгөрүлүп, согушту токтотуу келишимине келишет. Себеби, үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса, жеңишке ээ болчулар болбойт. Согуштун кесепетинен жер шаары тыптыйпыл талкаланып калышы ыктымал...
"Азия Ньюс" гезити











