Орун басарларынан кагуу жеген Орунбай Кочкоров бир кокуй тура

Ысык-Көл ОИИБ начальниги Орунбай Кочкоровдун ойрону чыга баштаптыр. Орун басарлары Бектен Бекмуратов менен Азамат Сабыралиев тоготуп да коюшпай, каяша айтышып, тилдешип, айтор, дээрлик атмосфера бузулганын өздүк курамдагылар шардана кылышууда. Факт жүзүндө коллективди башкара албай, шаабайы сууп, шаштысы кетип калганын кантебиз? Чындыгында эле Орунбай Кочкоровдун Ысык-Көл ОИИБсин жетектегенге билими, тажрыйбасы жетишпей, аксап калганы өкүнүчтүү. Миллиондогон эс алуучулар, туристтер каттаган аймактын коопсуздугун сабатсыз эргулга башкартып, эксперимент жүргүзүү ыкмасы орун алгандай. Ооба, ойлоно турчу убак келди. Көл кылаасында алдын ала профилактикалык иштер, тартип маселеси, пайдалуу иш-чаралар каралбай калганы таңгалдырат. “Өгүз өлбө, араба сынба” деген кемчонтойлук гана өкүм сүрүүдө. Кыскасы, жогорку жетекчилик калыс маанайында иликтөө жүргүзүп, Орунбай Кочкоровдун ишине баа бериши керек. Орой айтканда, бул начальник облусту эмес, районду башкарууга жөндөмсүз экенине ынанасыңар. Ошондо биздин коңгуроо какканыбыз чын чыгып, саныңарды ысыта чаап калбасаңар эле болду...
"Азия Ньюс" гезити