Акыркы кабарлар
» Саясат » Кундуз Сулайманов жана “үйүр тобу” мандаттарынан ажырай турганы айтылууда
Кундуз Сулайманов жана “үйүр тобу” мандаттарынан ажырай турганы айтылууда
15-февраль, 01:58


Жакында эле Кундуз Сулайманов менен Нурлан Шакиев президент Садыр Жапаровго парламенттен моюн толгошуп, каш кайтарышканын баары көрүштү. Куванычбек Конгантиев да министрлерге опурулуп чыкканычы... Дагы чабышуу күчөйт беле? Бул таңгаларлык эле. Бирок Садыр Жапаров кырдаалды тездик менен анализдеп, тийешелүү маалыматтарга таянуу менен өз чечимин кабыл алганын көрдүк. Жогорку Кеңештен интрига, саясый оюндар башталып, ал жагы күчөп кете электе “камырдан кыл сууругандай” жүрүш жасады...
Натыйжада, Кундуз Сулайманов баш болгон ондогон, “үйүр тобу” менен ыңгайсыз депутаттар мандаттарынан ажырай турганы айтыла баштады. “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле?











