“Бала төрага” Оштон чер жазып, артынан тескери сөз ээрчиткенде


5-июнь күнү парламент төрагасы Марлен Маматалиев Ошко иш сапары менен барып, баскан-турганын видео-сүрөткө тарттырып, жеңил-желпи пиар кылган эле. Пландалган жумуштарын бүткүчө шашканы, андан соң абройлуу күркүлдүн сыйын көрүп, чер жаза отуруп, семиз жылкы жегени каңкууланды. “Бала төрага” болсо дагы статусу, мартабасы бар эмеспи. Анан кантип доор сүрбөсүн? Жанжөөкөрлөрү менен төрт сааттай сый көргүчө жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер акыя күтүшүп, бушайманга баткандары өздүк курам ичинде нааразычылыктарды жаратыптыр. Бай-бачалык жүрүшкө салбай, ашыкча чыгым келтирбей, тек гана жупуну мүнөздө жүрсө колдоо тапмак. Туурабы? Ошондо элге да жагат эле. Тилекке каршы, андай акылмандыкты көрө албадык. “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” дегендей, болушунча дуулдап, чартаңбай тепкени ушулбу? Эрксизден жылмаясың эй!
Ал эми карапайым эл кымбатчылыктан кайышып, кыйналып жашап жатышканы ырас. “Бала төраганын” урганы бар беле?..











