Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ахматбек Келдибековду каралоо менен башкаларга да коңгуроо кагылды

Ахматбек Келдибековду каралоо менен башкаларга да коңгуроо кагылды

28-май, 16:17
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Саясатчылардын, айрым үзөңгүлөштөрүнүн интригасынан Ахматбек Келдибековго жөн жерден соцтармакта каралоо жайылып, алдын ала тизгиндөө ыкмасы көрүлдү окшойт. Албетте, саясый кирдүү оюндун ишарасы... Көп өтпөй Ахматбек мырза Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президенттик шайлоого чыгууга ниети жоктугун билдирип, досу Садыр Жапаровду колдой турганын ачыктады. Ошол замат ага карата көтөрүлгөн “балта” түшүрүлүп, чабуулдар кан буугандай токтоду. Ооба, бул көшөгө артындагы үстөмдүк сыяктанды. Мындан ары кимде-ким аламан күрөшкө аттана турган болсо, бийликке каршы чыгуу эрдигин көрсөтсө, кайрадан “фейктердин репрессиялык жугунду төгүүсү” башталабы? 

     Ал эми реалдуулуктан алганда, Ахматбек Келдибеков оор калибрдеги саясатчы катары салмагы бар экени, Кыргызстандагы кырдаалга таасир эте алары байкалды. Эгерде ажонун айланасында мындай олуттуу жандоочтор болсо, анда алдыдагы айыгышкан эрөөлдөрдө жеңиш камсыздалары калетсиз...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер