Ордун таба албаган Алмамбет Шыкмаматовдун абалы оор
“Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок” дегендей болуп, “Ата Мекен” партиясынан куулуп чыккан Алмамбет Шыкмаматов эч бир “уюкка” кире албай, азырынча бушайман жеп жатыптыр. Үмүттөнгөн бир-эки тешик болсо, алар да жылчыгын кенен ачпай жатыптыр... Айтмакчы, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Алмаке эбегейсиз байып, үй алып, машинесин жаңылап, министрлик креслону минип, кыйла көпкөн эй. “Суунуку сууга...” демекчи, учурда ал байлыктын бири жок, каржалып, башка саясатчылардай чөнтөгүнө бапырата акча сала албай, чүнчүй баштаганын жанындагы достору эле жобурап жүрүшөт. Мындай шартта электорат кайдан болсун? Кыскасы, Шыкмаматов саясый ооматын көтөрө албай, Текебаев менен тебише кетип, акыры талаада калды. Алына жараша жүргөндө “Ата Мекендин” алдыңкы ондугунан орун алып, кооз сүйлөп, чиренип жатмак да...
Aryba.kg