Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” Сооронбай Жээнбеков жазага тартылабы?

Коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” Сооронбай Жээнбеков жазага тартылабы?

31-январь, 23:35
2 365 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жүздөгөн мамлекеттердин арасында Кыргызстан эң акыркы орунда. Көп саясатчылардын алдыңкы катарында В.В.Путин менен Си Цзиньпин турушса, кыргыз президенттери же айдалып чыгышат же түрмөгө түшүшөт. Алдыңкы өлкөлөргө айланган Россия менен Кытайда марксизм-ленинизм жогору бааланып, коммунисттик система менен өнүгүп жатышса, капитализмге өтүп алган Кыргызстан жок болуу абалына келди. 30 жылдан бери келаткан капиталисттик система кыргыз элинин улуттук менталитетине карама-каршы болуп, баардык тармактарды талкалап жок кылды.

Жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке, президенттикке талапкер болгондор илгерки СССР убагындагы көрсөткүчтөрдү санашып, кандайча жетүүнүн жолдорун айтышат. Бирок, иш жүзүнө келгенде айткандардын баары унутулуп, өз кызыкчылыгын көздөгөн шылуундар мамлекетти талап-тоноп, уурдап, карапайым кыргыз элин каратып туруп алдаганга өтүшкөн. Анткени, Конституция менен бекемделген коррупциялык система кыргыз бийлигине, ал жактагы чиновниктердин армиясына абдан пайдалуу болуп, баары мамлекеттин – элдин эсебинен пайда көрүшөт. Жыйынтыгында, беш-алты миллиардер, 50-60 миллионер пайда болуп, калган 6 миллион кыргыз эли жакыр, кедей-кембагалдарга айланышты. Оор жашоонун айынан миллиондогон кыргыздар чет өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. 

Жылуу-жумшак жанын багышып, болгон титулдардын баарын чогултуп алышкан академик-профессорлор, окумуштуулар өлкөдөгү оор абал менен иштери жок, президенттерди мактап-жакташып, аларга кошомат айткан жагынан алдына эч кимди чыгарбай калышты. 

Ошентип, Сооронбай Жээнбеков ууруларды урматтап, коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” үчүн айдалып чыкты да, туурабы? Былтыркы жылдын ала жазынан баштап жергиликтүү кеңешке ат салышкан Жээнбековдун адамдары ич ара чабыша баштап, пандемия башталганы пастап калышкан. Кийин бийлик, байлык, акчага жутунган шылуундар кыргыз эли кырылып жатканына карабай парламенттик шайлоого аттанышып, добуштарды кызылдай акчага сатып алышты. Максаты – президенттик-парламенттик бийликти толугу менен ээлеп, Кыргызстандын стратегиялык объектилерин баш кылып баарын пулдап ийүүнү көздөшкөн го? Премьер-министр М.Абылгазиевдин өкмөтүндө “стратегиялык объектилерди тышкы башкарууга берүү” долбоору дапдаяр беле? Бирок, үчүнчү элдик революцияга көтөрүлүп чыккан кыргыз эли коррупция менен мафиянын таттуу кыялдарын, өзүмчүл пландарынын ташталканын чыгарды. Кылкылдаган кыргыз элинен бекинген президент жашынып жатса, “чимкирик” атка конгон парламенттеги коррупция менен мафия таракандай таптырбай кетишкен. 

     Эл уулу Садыр Жапаров келгенине бир-эки ай боло элек жатып дүйнө жүзүндөгү эң мыкты он саясатчынын катарына кошулганы кыргыз эли үчүн чоң сыймык болуп эсептелет.

Арстан тордон чыкканда, же кабылан тоодон түшкөндө Кыргызстанда жайнап кеткен чөөлөр (шакалдар) кысчу жерлерин кысып, кыңшылай баштаганы байкалууда. Шакалдардын арасында “мен арстан болом, мен кабылан болом” деп айбат көрсөткөн ары жоктору да бар. Жогоруда айтылган Россия менен Кытай сыяктуу чоң державалардан үлгү алсак, Кыргызстанды калыбына келтирип, мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотсо болот. Саясат, геосаясатты түшүнбөгөн кошоматчы академиктер үчүн Кытай өлкөсүндөгүдөй марксизм-ленинизм институтун ачыш керек. Ошондо гана коррупция менен мафияны мактаган райондун деңгээлиндеги “академиктерден” арылабыз. Айдалып чыккан Сооронбай Жээнбеков тууганчыл, жердешчил, динчил, кекчил адам болгондуктан, кыргыз мамлекети бир кылым артка кетти.

Баардык жерде хандын туугандары, жердештери бийлик жүргүзүшүп, аларга каршы чыккандардын баары зынданга түшүп жатышты. Элдик лидер Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөн кыргыз элинин көзгө басар профессору Каныбек Осмоналиевди жөн эле камап коюшкан. Мындай эзүүгө чыдабаган көпчүлүк үчүнчү элдик революцияга көтөрүлүп чыгышып, бийлик кулатылды. 5-6-октябрдагы революция бир кылым мурдагы улуу октябрь социалисттик революцияны толугу менен кайталады. 

Бирок, В.И.Лениндей улуу жолбашчынын жоктугунан 30 жылдан бери Кыргызстанды талкалап келаткан капиталисттик система ошол бойдон кала берди. Болгону, үч адам кетип, үч адам келди. Эки Жээнбеков менен Салиевдер кетишсе, алардын ордуна “үч дос” келишти. Алгач үч пайыз рейтинги менен президенттик шайлоого катышкан Сооронбай Жээнбековду УКМКнын бүгүнкү төрагасы Камчыбек Ташиев колунан келишинче колдоо көрсөтүп, жандап жүргөн эле. Бирок өзүнүн туугандарын, жердештерин жапырт колдогон Соке өзгөрүлүп, Ташиевди таптакыр карабай кеткен. Үмүтү үзүлбөгөн Камчыке “эгер иш берсе иштеп берем” деп зарыгып күткөнүнө карабай жакын жолоткон эмес. Сокени президенттик бийликке жеткирген дагы бир колдоочусу – өзүнүн көп жылдык досу Алмазбек Атамбаевди болсо ит талагандан жаман кылып түрмөгө отургузду. Атамбаевдин убагындагы ака-үкөлөрдүн бирөөсү премьер-министр болуп, экинчиси спикер болгондуктан түрмөгө чогуу отурушу керек го? Мындай адилетсиздикке, мындай теңсиздикке каршы чыккан кыргыз эли кылмыштуу мурдагы бийлик өкүлдөрүн жазага тартуу талабын коюп келишет.

Кыңыр ишти Кудай өзү да көрүп тургандыктан, алар кулатылып, ака-үкөлөрдү жазага тартууну жалпы кыргыз эли күтүп жатышат. Эл уулу Садыр Жапаров түрмөдө отурганда өгөйлөнүп, Сокенин мыйзамы Садырга келгенде токтоп калган эле. Эми болсо экс-президент өзү түрмөгө түшөрдө Камчыбек Ташиевдин мыйзамы токтоп калганы бекеринен эмес. Кебетеси, “оо улуу урматтуу ханым, сиз кабатыр болбой жата бериңиз, калганын биз өзүбүз тууралайбыз” деген келишим түзүлгөнбү? Анткени, “өлсөм да кетпейм” деп тырышып отурган Жээнбековду билебиз, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев барып сүйлөшкөндө эле кызматын таштап кете берди. 

Эгер Соке кызматтан кетсе, экс-президент макамы, кол тийбестиги сакталып, анын туугандары куугунтукка алынбастыгы айтылыптыр. Ошондуктан анын айланасындагы коррупция менен мафия куугунтукка алынбашы керекпи? Туугандары жеп-ичкен миллиарддар жөнүндө сөз да болбойбу? Мындай талаптарды колунда ядролук бомбанын кнопкасын кармап турган террорист айтса болмок. Соке болсо элден айдалып чыгып, ээлеп отурган Акүй өрттөлүп, белгисиз бир үйдө жашынып жаткан бечара экенине карабай, укмуштай талаптарды койгону кандай? Анткени анын алдына келгендер “оо улуу урматтуу ханым” деп бүжүрөп турушса, каалаган шарттарын айтса керек. Бул жерде кыргыз элинин эч кандай тийешеси жок болуп, болгону үч адамдын “бармак басты көз кысты” деген кылмыштуу келишими барбы?

Шуба кийген аялды Оштон Бишкекке алып келип, Жогорку соттун төрайымынын орун басарына жеткирген Сокенин көздөй кадры Нургүл Бакирова көкөлөп турса, коррупция менен мафияга эч кандай коркунуч болбойбу? Сот бийлигин чеңгелдеп алган Сокенин адамдары “мунун орду түрмөдө болчу” деп президент Садыр Жапаровго коркунуч жаратышпайбы?

Кыскасы, Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылып, толгон-токой кылмыштары үчүн түрмөнүн төрүндө отурушу мезгилдин талабына айланабы? Олуттуу суроо. Анын көмүскө башкаруусу кыргыз мамлекетин жок болууга алып келерин ар бир кыргыз түшүнүшү керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер