Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек ТОКТОРОВ, ЖК депутаты: “УКМКнын жертөлөсү толуп калды, орун жок...”

Алмазбек ТОКТОРОВ, ЖК депутаты: “УКМКнын жертөлөсү толуп калды, орун жок...”

29-ноябрь, 01:21
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек мырза, контрабанда, реэкспорт коррупциялык жол менен болуп келгени 2017-жылга чейин айтылып, андан бери эч ким айтпай калганын саясатчы Өмүрбек Текебаев белгиледи. Азыр токтоп калдыбы?  

-- Эч кандай токтогон жок. Фискалдык тармакта коррупция дагы деле бар экенин ЖМКлар деле жазып, айрымдарынын бети ачылып жатат. “Контрабанда бар” деп айта алам.

-- Депутат эмес, жаран катары айтсаңыз, контрабанда, коррупция бар болсо, эмне үчүн ага реакция, натыйжалуу күрөш болбой жатат?

-- “Эмнеден улам реакция болбой жатат?” деп жатасыңар. Реакция болуп эле жатат. Биз эмоцияга алдыруудабыз. Карамушкина бийлик тараптан эч кандай иштер аткарылбай жатканын айтып, “эл нааразылыгы күчөп жатат” дейт. Мен ачууланып кетип, ага катуураак тийип койдум окшойт. Бирок, элди чагымчылдыкка түрткөн ушулар болууда. Эмне үчүн мурдагы президенттин учурундагы туура эмес иштер айтылып атса да, ошол кездеги президенттин өзү жөнүндө бир да сөз айтылбай жатат? Бир топ туура эмес иштерге ал кишинин ролу түздөн-түз болгон го. Азыр коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Дароо эле аны жоюп, тындым кылып салуу мүмкүн эмес. Коррупционерлердин баарын алып барып камап салган дагы кыйын. Президент азыр кылмышкерлерди камаганга мүмкүнчүлүк түздү. Ири чиновниктер, таасирдүү кишилер отурат коррупцияга шектелип. УКМКнын жертөлөсү толуп калды. Орун жок болуп, СИЗОго которуп жатат. Демек, “күрөш демдүү жүрүүдө” деп айтсак болот. Контрабанда да тыйылат. Мен ишенем. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер